Постановление Жогорку Кенеша от 10 мая 2017 года № 1572-VI «О принятии Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики «О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции», Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 1572-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, А.С.Өмүрбекова, Н.К.Макеев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров, К.Ж.Рыспаев, Т.И.Икрамов жана А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|