ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 23 декабря 2020 года № 4289-VI «О внесении изменений в постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 октября 2019 года № 3298-VI»О создании временной депутатской комиссии по изучению исполнения Закона Кыргызской Республики «О профессиональных союзах»

Редакцияот 23.12.2020
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2020-жылдын 23-декабры № 4289-VI

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары комиссиянын курамынан чыгарылсын:

Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Масабиров Таалайбек Айтмаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан.

2. 1-пунктта "Жунус уулу Алтынбек" деген сөздөр "Турдумамбетов Осмон Жолдошбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-пунктта "2021-жылдын 2-январына" деген сөздөр "2021-жылдын 2-апрелине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Төрага

А.К. Касымалиева