ПостановлениеУтратил силу

Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 3 июня 2021 года № 4632-VI «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Икрамова Тазабека Икрамовича на должность председателя Комитета по международным делам, обороне и безопасности»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 3-июну № 4632-VI

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамовичти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Икрамов Тазабек Икрамович Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайлансын.

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Т.И. Икрамов – «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагалыгына;».

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Пирматов Исхак Айтбаевичти Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2094-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-пунктунун он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов