ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 30 июня 2021 года № 4705-VI «Об избрании членов Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII, 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр шайлансын:

 

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна;

Абдалиев Мейкинбек Акимович;

Дубанбаева Анар Сартбаевна;

Койчукеев Нурлан Чокоевич;

Жумалиева Акбалык Калыевна;

Жупуева Айдана Садыковна;

Бекматов Абдыжапар Гапырович;

Гайпкулов Искандер Торобаевич;

Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;

Шайназаров Тынчтык Урайимович;

Жылкыбаев Узарбек Казиевич;

Маматов Кайрат Адамкалиевич.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII, 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо

жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 3-сентябрындагы № 4074-VI токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 4138-VI токтому.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрагасынын

орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев