ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 10 февраля 2022 года № 52-VII «О формировании парламентской делегации Кыргызской Республики в Парламентский Союз Организации Исламского Сотрудничества»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 10-февралы № 52-VII

Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-мартындагы № 94-VII, 2022-жылдын 20-октябрындагы № 566-VII токтомунун редакциясына ылайык)

Ислам Кызматташтык Уюмуна катышкан-мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык жигердүү кызматташтыкка умтулуп жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы депутаттардын төмөнкүдөй курамында түзүлсүн:

Шакиев Нурланбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

Жалолидин Паязидинович Нурбаев;

Суйунбек Абдылдаевич Омурзаков.

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

У.Примов