ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 20 октября 2022 года № 569-VII «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Чойбекова Б.К. на должность заместителя председателя Комитета по транспорту, коммуникациям, архитектуре и строительству»

Редакцияот 20.10.2022
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 20-октябры № 569-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.К.Чойбековду Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чойбеков Бактыбек Каныбекович Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Чойбеков Бактыбек Каныбекович № 21 Талас бир мандаттуу шайлоо округу боюнча".

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 1-пунктчасынын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Н.Шакиев