Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2022-жылдын 21-декабры № 754-VII
"Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожонун - "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп, аталган депутаттык комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн гранттык жана насыялык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого байланыштуу маселени кароо боюнча корутундусу эске алынсын.
2. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыясын пайдаланууда айыптык санкцияларды жокко чыгаруу маселесин чечсин;
- Макулдашуунун шарттарын кайра кароо мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну мыйзамда белгиленген тартипте денонсациялоону демилгелөө. Макулдашууну денонсациялоого байланыштуу чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда жол берилген бузуу фактылары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чараларды көрсүн;
- көрсөтүлгөн кылмыш-жаза иштерине прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн жана тергөөнүн жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрсүн;
- прокуратура жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан кылмыш-жаза иштеринин тергөө мөөнөтүн создуктурган жана мыйзамдардын талаптарын одоно бузган иш-аракеттерине баа берсин;
- аталган долбоорду ишке ашырууда кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн чечкиндүү чараларды көрсүн жана териштирүүнүн натыйжалары менен көрүлгөн чаралар жөнүндө ар бир үч ай сайын териштирүү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык келүү предметине карата мурда түзүлгөн макулдашууларга (келишимдерге, контракттарга ж.б.) ревизия жүргүзсүн;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча эксперттик корутундуну жана тиешелүү материалдарды укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун андан ары ишке ашыруунун натыйжалуулугуна аудит жүргүзсүн;
- долбоорду андан ары ишке ашыруунун натыйжалуулугуна карата аудиттин корутундусуна укуктук баа берүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына жөнөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жана жыйынтыктар жөнүндө маалыматты бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберсин.
8. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан талаптагыдай контроль толугу менен жок болгондугуна жана прокуратура органдары жана укук коргоо органдары жол берилген бузуу фактылары боюнча кылмыш-жаза иштерин кароого байланыштуу тиешелүү чараларды кабыл алууну создуктурганына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды белгиленген тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине сунушталсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Заместитель Торага | Н.А. Азыгалиев |