ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 18 января 2023 года № 864-VII «О вопросах государственного языка и языковой политики в Кыргызской Республике»

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

2023-жылдын 18-январы № 864-VII

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө маалыматтын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз тилинин статусун мамлекеттик тил катары мыйзамдык жана конституциялык жактан белгилөө кыргыз тилин өнүктүрүү, аны коомдук жана мамлекеттик турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө кеңири колдонуу үчүн укуктук негизди түздү.

Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендик белгилеринин бири болуп саналат жана мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана улуттарды консолидациялоо аркылуу өлкөнүн саясий, экономикалык жана руханий илгерилешине өбөлгө түзүүгө чакырылган. Коом өзүнүн билимдүү өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана өстүрүүгө жигердүү катышууга тийиш, ал эми мамлекет буга таасирдүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүү.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы өз учурунда кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошкон жана белгилүү өлчөмдө анын милдеттерин кеңейтүүгө көмөкчү болгон. Бирок кийинчерээк коомдогу олуттуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көптөгөн жоболору ишке ашпай калды, ал эми алардын айрымдары иштебей же жаңы турмуш шарттарына жооп бербей калды. Өткөн жылдар мамлекеттик тил маселесин чечүүгө саясий-административдик үстүртөн мамиле жасоо ойдогудай натыйжа бербей тургандыгын көрсөттү. Анын үстүнө, ар кандай тарыхый жана объективдүү себептерден улам кыргыз тили мамлекеттик тилдин милдеттерин аткарууга даяр болгон эмес. Мамлекеттин муктаждыктарын толук камсыз кылуучу көп функциялуу тил катары анын калыптанышы үчүн шарт түзүү бүгүнкү күндөгү башкы милдет болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча чараларды көрсүн;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүүсү жана өздөштүрүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырсын;

- жогорку окуу жайларында, жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, колледждерде, лицейлерде, гимназияларда), мектепке чейинки мекемелерде (бала бакчаларда) кыргыз тилин жана адабиятын окутуу көлөмүн (сааттарын) көбөйтүү маселесин карасын;

- илимий-популярдуу, билим берүүчүлүк, документалдуу, телевизиондук, мультипликациялык жана көркөм фильмдерди мамлекеттик тилге которууну (дубляжды) камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын;

- дүйнөлүк классикалык адабий чыгармаларды, анын ичинде балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүн мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашыруу үчүн жыл сайын финансылык каражат бөлүнүшүн камсыз кылсын;

- анимациялык фильмдерди кыргыз тилинде тартуу үчүн финансылык каражат бөлүүнү, анын ичинде мамлекеттик жеке өнөктөштүк жолу менен бюджеттен каражат бөлүүнү карасын;

- 2023-жылдын 1-январынан тартып "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү тутумунда мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын карамагындагы ведомстволук мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга төмөндөгүлөр сунушталсын:

- Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, киргизилген терминдерди расмий түрдө бекитүү маселелерин кароо;

- басылып чыккан тармактык терминологиялык сөздүктөрдү кайрадан кароо жана тактоо боюнча чараларды көрүү;

- материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, көрсөтмө маалыматтык жана жарнамалык материалдарда жарыялоодо кыргыз адабий тилинин жана туура жазуунун ченемдеринин бекем сакталышын контролдоону камсыз кылуу;

- мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдешүүсүн жана бланктарда, арыздардын, макулдашуулардын, келишимдердин ж.б. үлгүлөрүндө кыргыз тилинин орфографиясынын эрежелерин сакталышын контролдоону камсыз кылуу;

- мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын маселелери жана мамлекеттик тилдин айрым көйгөйлөрүн чечүү боюнча семинарларды, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтому;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомунун аткарылышы жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1854-VI токтому.

 

Төрага

 Н.Т.Шакиев