ПостановлениеДействует

Постановление Правительство КР от 27 мая 2009 года № 324 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о финансировании по дополнительному финансированию проекта «Инфраструктура и наращивание потенциала малых городов» между Кыргызской Республикой и Международной Ассоциацией Развития, подписанного 24 апреля 2009 года в городе Бишкек»

Редакцияот 27.05.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 29-майы №324

"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча) ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу" долбоорун кошумча каржылоо боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасы ратификациялагандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти