УказДействует

Указ Президента КР от 17 апреля 2018 года УП № 76 «О прекращении полномочий судей Нарынского областного суда»

Редакцияот 17.04.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 17-апрели ПЖ № 76

Нарын облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абдыбеков Алдаярбек, Амиракулова Замира Тилебалдыевна, Асанбаев Нуркалый Жумабекович, Байышов Мирлан Байышович, Орозалиев Алмазбек Касыевич жана Ташмамбетов Туратбек Торуевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Нарын облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 3-апрелинен тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков