ПостановлениеДействует

Постановление Правительство КР от 3 июня 2009 года №358 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о поощрении и взаимной защите инвестиций в государствах-членах Евразийского экономического сообщества, подписанного 12 декабря 2008 года в городе Москва»

Редакцияот 05.06.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 5-июну №358

"Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Москва шаарында 2008-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине билдирсин.

 

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартын күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти