ПостановлениеДействует

Постановление Правительство КР от 5 августа 2009 года №502 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Индия о строительстве кыргызско-индийского картофелеперерабатывающего завода в Таласской области Кыргызской Республики, подписанного 12 мая 2009 года в городе Бишкек»

Редакцияот 05.08.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 5-августу № 502

"Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашуунун 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

Бишкек шаарында 2009-жылдын 12-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Талас областында картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия заводун куруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө индиялык тарапка билдирсин.

 

3-берене.

Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти