ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 4 ноября 2009 года №684 «Об утверждении Соглашения о единых подходах к применению информационных технологий в деятельности таможенных служб государств-членов Евразийского экономического сообщества, подписанного 9 июня 2009 года в городе Москва»

Редакцияот 04.11.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-ноябры № 684

Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине кабарласын.

3. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов