ПостановлениеСтатус не указан

Постановление Правительства КР от 17-сентября 2009 года №583 «О ликвидации приписных аэропортов»Балыкчы«,»Баетово«,»Токтогул«,»Кызыл-Кия«,»Чолпон-Ата"

Редакцияот 17.09.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2009-жылдын 17-сентябры №583

"Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" таандык аэропортторун жоюу жөнүндө

"Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" аэропортторуна учуулар токтогондугуна жана аларды калыбына келтирүү максатка ылайыксыз болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 56-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

- "Балыкчы", "Баетов", "Токтогул", "Кызыл-Кыя", "Чолпон-Ата" таандык аэропортторун жоюу;

- "Баетов", "Токтогул" таандык аэропортторунун имараттарын жана курулмаларын тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү;

- "Балыкчы" жана "Чолпон-Ата" таандык аэропортторунда жайгашкан жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон имараттарды, курулмаларды жана жер участокторду "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү;

- "Баетов", "Токтогул" жана "Балыкчы" таандык аэропортторунун жер участокторун "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк иштерин камсыздоо үчүн зарыл болгон жер участокторду кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов