ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 17 сентября 2009 года №586 «О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 22 августа 2006 года № 596»Об утверждении Реестра государственных платных услуг, оказываемых органами исполнительной власти и их структурными подразделениями"

Редакция
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 17-сентябры № 586

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, көмчө булгоочу каражаттардын айлана-чөйрөнүн абалына антропогендик таасирин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- "XVI. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Автотранспорттун түтүнүндө көмүртектин оксидинин концентрациясын аспап менен өлчөө жана түтүн белгиленген нормаларга ылайык болсо экоталон берүү.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов