Постановление Правительства КР от 30 марта 2010 года №188 «Об утверждении Программы по элиминации малярии в Кыргызской Республике на 2010-2015 годы»
Этот документ есть на русском языкеРусский
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-марты №188
2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Безгек боюнча эпидемиологиялык кырдаалды натыйжалуу контролдоону белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген 2010-2015-жылдарга Кыргыз Республикасында безгекти элиминациялоо боюнча программа бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|