ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 19 ноября 2010 года № 292 «О внесении изменения и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»О закупках продукции у отечественных производителей методом закупок из одного источника" от 14 апреля 2009 года № 231

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 19-ноябры № 292

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- керектөөгө жана сатып алуулардын ар жылкы планына жараша товарларды бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга заказдарды "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиркеме боюнча түздөн түз ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдө жайгаштырышсын жана иш жүзүндө жеткирген фактысы боюнча гана берилген продукция үчүн акы төлөшсүн;";

- жогоруда аталган токтомго тиркеме төмөнкү мазмундагы 26-29-пункттар менен толукталсын:

"

№

 

 Ишканалардын  аталышы

 Чыгарчу продукциясынын аталышы

 

26

 

«Медицина-Юг» ЖчК

Жибектен, кетгуттан медициналык тигүүчү

материалдар;

27

 

 

 

«Автожыйноочу завод» ААК

 

 

А-КО-440-1, А-КО-440-2, А-КО-440-3 таштанды

ташыгычтар; 4 жана 6 тонна жүк көтөрүмдүүлүктөгү

трактор чиркегичтери; КАЗ-3507, КАЗ-3519

моделиндеги өзү түшүргүч автомобилдер;

28

 

«Экспотех» ЖчК

 

«Бакувват», ТП 350-01 жана ТП 2800-02

тыгындап-пломбалоочу түзүлүш (ТПТ);

29

 

 

«Монтажник» ЖчК

 

 

Болоттон жасалган жука дубалдуу жеңил

конструкциялардан (БЖЖК) курулган имараттар

жана курулмалар

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева