Постановление ВП КР от 7 мая 2010 года №40 «О введении внешнего управления в ОАО «Ташкомур»
Этот документ есть на русском языкеРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы УӨ №40
"Ташкөмүр" ААКга тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө
"Юридикалык жактарга тышкы башкаруунун жол-жобосун киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №18 Декретине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ташкөмүр" ААКга тышкы башкаруу киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине ыйгарым укуктардын мөөнөтүн белгилөө менен тышкы башкаруучуну дайындоо жана материалдык-техникалык камсыздоо укугу берилсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |