ПостановлениеДействует

Постановление ВП КР от 13 июля 2010 года №127 «Об утверждении состава Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»

Редакцияот 13.07.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 13-июлу УӨ № 127

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

2010-жылдын 27-июнунда референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:

- саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер:

Айнура Жолдошбаевна - "Туран" демократиялык партиясынан;

Абдыкадырова

Галия Темирхановна - "Ата-Мекен" социалисттик партиясынан;

Алымбекова

Жаркын Базановна - Ак-Шумкар" саясий партиясынан;

Бапанова

Абдысамат Жылтырович - Ар-Намыс" саясий партиясынан;

Баялинов

Мурадил Жамандыкович - ЭрК" саясий партиясынан;

Жанжалбеков

Эшполот Өсөров - Кыргызстан коммунисттеринин партиясы саясий

партиясынан;

Галина Анатольевна - Кыргызстан социал-демократиялык партиясы-

Скрипкина нан;

Нурлан Турганбекович - Эркиндик" саясий партиясынан;

Шерипов

- өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер:

Таалайбек Адбраманович Акеров;

Жеңишбек Аманбекович Акматов;

Эрик Белекович Ирискулбеков;

Михаил Анатольевич Корсунский;

Антонина Семеновна Ли;

Абдумомун Маткаликович Мамараимов;

Акылбек Аблабекович Сариев.

2. Акылбек Аблабекович Сариев Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому;

- 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 23 "А.А.Сариевди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагалыгына дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому;

- 2010-жылдын 17-майындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому;

- 2010-жылдын 19-майындагы № 47 "2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 22 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому.

4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева