ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 5 января 2011 года №8 «Об утверждении Правил подачи, рассмотрения и засекречивания заявки на выдачу патента Кыргызской Республики на секретное изобретение, Порядка ведения Государственного реестра секретных изобретений Кыргызской Республики»

Редакцияот 05.01.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-январы №8

Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Жашырын ойлоп табуулар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Жашырын ойлоп табууларга Кыргыз Республикасынын патентин берүү үчүн өтүнмө берүүнүн, карап чыгуунун жана жашырын сактоонун эрежелери;

- Кыргыз Республикасынын Жашырын ойлоп табуулардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев