ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 10 мая 2011 года №205 «Об утверждении Положения о временном управляющем инвестиционным фондом»

Редакцияот 10.05.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 10-майы №205

Инвестициялык фондду убактылуу башкаруучу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Инвестициялык фондду убактылуу башкаруучу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев