ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 29 апреля 2011 года №197 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики, Национальным банком Кыргызской Республики и Правительством Республики Беларусь, Национальным банком Республики Беларусь об урегулировании долговых обязательств и требований за 1992 год, подписанного 18 марта 2011 года в городе Бишкек»»

Редакцияот 29.04.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-апрели № 197

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү,  Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

 А. Атамбаев

 

 Долбоор 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарабы аткаргандыгы жөнүндө беларусь тарапка кабарласын.

3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти