ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 6 июня 2011 года №290 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Договора государств-участников Содружества Независимых Государств о межгосударственном розыске лиц, подписанного 10 декабря 2010 года в городе Москва»»

Редакцияот 06.06.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-июнундагы № 290

«Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине  катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу

 

1-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишими ратификациялансын.

2-берене. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан компетенттүү органдар болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы аныкталсын.

3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти