ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 августа 2011 года №462 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения о сохранении специализации предприятий и организаций, участвующих в производстве продукции военного назначения в рамках Организации Договора о коллективной безопасности, подписанного 10 декабря 2010 года в городе Москва»

Редакцияот 11.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу №462

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуунун 14-беренесине ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга кагышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер- министри

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунда аскердик багыттагы продукция чыгарууга катышуучу ишканалардын жана уюмдардын адистешүүсүн сактоо тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти