ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 августа 2011 года №464 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола об утверждении Положения об организации взаимодействия пограничных и иных ведомств государств-участников Содружества Независимых Государств в оказании помощи при возникновении и урегулировании (ликвидации) кризисных ситуаций на внешних границах, подписанного 5 октября 2007 года в городе Душанбе»

Редакцияот 11.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-августу №464

"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколдун 2-пунктуна ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

4-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти