Загрузка документа…
Крупные акты могут открываться несколько секунд
Загрузка документа…
Крупные акты могут открываться несколько секунд

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Кошумча билим берүү кызматтарынын багыттары жана түрлөрү
3. Акы төлөмө негизде кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүү тартиби
4. Кошумча билим берүү кызматтарын уюштуруу
5. Кошумча билим берүү кызматтарына акы төлөө тартиби, эсепке алууну жана отчет берүүнү уюштуруу
6. Кошумча билим берүү каражаттарынан түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби
7. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн алынган каражаттарды пайдаланууну контролдоо
1-тиркеме. Жалпы билим берүүчү уюмдардын кошумча билим берүү кызматтарына тарифтерди (бааларды) түзүү методикасы
2-тиркеме. Жан башына каржылоого өткөн уюмдар үчүн кошумча билим берүү кызматтарына (жумуштарына) класстардын чектик нормативдик санынын эсептик көрсөткүчтөрү
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан.
2. Жобо окуучулардын керектөөлөрүн ар тараптуу канааттандыруу максатында кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
3. Кошумча билим берүү кызматтарынан түшкөн каражаттар билим берүү процессин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, жалпы билим берүүчү уюмдардын окуу базаларын чыңдоого, педагогдордун жана окуучулардын иштерине түрткү берүүгө жумшалат.
4. Кошумча билим берүү кызматтарынын наркы Баалар прейскуранты менен аныкталат. Баалар прейскуранты жалпы билим берүүчү уюмдардын Кошумча билим берүү кызматтарына тарифтерди (бааларды) түзүү методикасынын негизинде жүргүзүлөт (1-тиркеме).
5. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- керектөөчү (заказчы) - окуучулар үчүн билим берүү кызматтарына заказ берген адам (ата-эне же аны алмаштыруучу адам);
- аткаруучу - кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюмду;
- кошумча билим берүү кызматтары - Базистик окуу пландарынан сырткары жалпы билим берүүчү уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар;
- Базистик окуу планы - мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарууну камсыздоочу окуу пландары жана программалары.
2. Кошумча билим берүү кызматтарынын багыттары жана түрлөрү
6. Жалпы билим берүүчү уюмдар акы төлөмө негизде төмөнкү багыттар боюнча кошумча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу:
- билим берүүчү (Базистик окуу пландарынан сырткары окуу сабактары);
- чет тил;
- информатика жана эсептөө техникасынын негиздери (ИЭТН);
- узартылган күн тобу;
- мектепке чейинкилер үчүн даярдоо курстары;
- ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн даярдоо курстары;
- логопедиялык, психологиялык жана дефектологиялык жардам;
- культурологиялык (дүйнөлүк көркөм маданият, манас таануу, айтматов таануу, риторика, этика, мекен таануу, дүйнөлүк цивилизациялар тарыхы, этнография ж.б.);
- көркөм-эстетикалык (көркөм өнөрканалар, музыкалык студия; театралдык студия, бий студиясы, шуру тизүү ийрими, лепка ж.б.);
- спорттук (атуу, сүзүү, күрөш, ушу, таэквандо, теннис, ж.б.);
- экологиялык-биологиялык (курчап турган чөйрөнүн экологиясы, жандуу предметтердин экологиясы, валеология ж.б.);
- туристтик-жерге таануу;
- экономикалык-укуктук (бизнес-клуб, колдонмо экономика);
- спорттук-техникалык (автотранспорт каражаттарын айдоо, авто иши, спорттун техникалык түрлөрү боюнча спорттук секциялар).
Акы төлөмө билим берүү кызматтары мамлекеттик билим берүүчү уюмдар менен окуучулардын ата-энелеринин же башка Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде өзүнчө расписание боюнча ата-энелердин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн каалоосу боюнча окуучуларга көрсөтүлөт.
7. Жалпы билим берүүчү мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кошумча кызматтарга төмөнкүлөр кирбейт:
- Базистик окуу пландарын ишке ашырууда класстарды чакан топторго бөлүү;
- жалпы билим берүүчү уюмдун статусуна ылайык мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизги билим берүү программаларынын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтар;
- негизги жалпы билим берүү программалары үчүн бөлүнгөн сааттардын эсебинен тандоо боюнча курстар, жеке жана топтук сабактар.
8. Билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө, анын ичинде кошумча билим берүү программаларынын, атайын курстардын мазмунуна талаптар тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат жана Базистик окуу планында каралгандан жогору болушу мүмкүн эмес.
9. Аткаруучу тиешелүү түзүмдөр тарабынан бекитилген билим берүү программаларына жана кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдин (мындан ары - келишим) шарттарына ылайык толук көлөмдө акы төлөмө кошумча кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
10. Аткаруучу келишим түзгөнгө чейин керектөөчүгө аткаруучу жана билим берүү кызматтарынын көрсөтүлүшү жөнүндө аларды керектөөчү туура тандоого мүмкүндүктү камсыздоочу туура маалыматты берүүгө милдеттүү.
11. Аткаруучу төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды керектөөчүгө билдирүүгө милдеттүү (анын ичинде көрүү үчүн ыңгайлуу болгон жерге жайгаштыруу жолу менен):
- негизде көрсөтүлүүчү кошумча билим берүү программаларынын деңгээлин жана багытын, формасын жана аларды өздөштүрүү мөөнөттөрүн;
- көрсөтүлүүчү кошумча билим берүү кызматтарынын тизмесин жана аларды берүү тартибин;
- класстардын эң көп толуу санын (2-тиркеме);
- көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын прейскурантын жана төлөө тартибин;
- окуучуларды кабыл алуу тартибин жана тапшыруучуларга коюлуучу талаптарды;
- акы төлөмө кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдердин үлгүлөрүн.
Аткаруучу керектөөчүнүн өтүнүчү боюнча келишимге тиешелүү маалыматтарды ага билдирүүгө милдеттүү.
12. Ата-энелердин же башка Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн акы төлөмө билим берүү кызматтарын алуудан баш тартуусу окуучуну башка класска которуу же болбосо жалпы билим берүүчү уюмдан чыгаруу үчүн негиз болуп эсептебейт.
13. Маалымат керектөөчүгө кыргыз жана (же) орус тилдеринде жана аткаруучунун каалоосу боюнча кошумча Кыргыз Республикасынын калкынын эне тилдеринде берилет.
3. Акы төлөмө негизде кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүү тартиби
14. Аткаруучу керектөөчү сураган кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болгон учурда гана келишим түзө алат.
15. Аткаруучу келишим түзүүдө башка керектөөчүгө карата бир керектөөчүгө артыкчылыктуу укук берүүгө акысы жок.
16. Келишим эки нускада түзүлөт, анын бири аткаруучуда, экинчиси керектөөчүдө (заказчыда) болот.
17. Заказчы келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттөрдө көрсөтүлүүчү кошумча билим берүү кызматтарына акы төлөөгө милдеттүү. Заказчыга төлөгөнүн ырастоочу тиешелүү документ берилет.
18. Керектөөчү келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө кошумча билим берүү кызматтарына акы төлөйт.
4. Кошумча билим берүү кызматтарын уюштуруу
19. Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтарын уюштуруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- кошумча билим берүү кызматтарына калктын керектөөсүн (суроо-талабын) иликтөө жана окуучулардын болжолдонгон контингентин аныктоо;
- жалпы билим берүүчү уюмдун Уставында кошумча билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин аныктоо;
- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды эске алуу менен кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттарды аныктоо окуу пландарын жана программаларын бекитүү;
- керектөөчүлөр менен акы төлөмө кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө келишимдерди түзүү;
- кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча иштөөгө педагогикалык кызматкер менен келишимдерди түзүү;
- түзүлгөн келишимдердин негизинде ички буйруктарды чыгаруу;
- боюнча жыйынтыктоочу ведомостторду тиркөө менен педагогдорду тарификациялоону түзүү;
- эмгек акынын формасын, системасын жана өлчөмүн аныктоо;
- акы төлөмө негизде кошумча сабактарды жүргүзүүнүн расписаниесин түзүү.
5. Кошумча билим берүү кызматтарына акы төлөө тартиби, эсепке алууну жана отчет берүүнү уюштуруу
20. Керектөөчүлөр бекитилген Баалар прейскурантына ылайык аткаруучу менен жазуу жүзүндө келишим түзүү шартында кошумча билим берүү кызматтарына акы төлөшөт.
21. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн акчалай каражаттарды кабыл алуу бухгалтер-кассир же милдет жүктөлгөн адам тарабынан ишке ашырылат.
22. Чогултулган каражаттар Казыначылыктагы эсепке алуу эсебине тапшырылат.
23. Кошумча кызматтарга төлөмдөр боюнча отчет Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген форма боюнча жана мөөнөттөрдө жогору турган органга берилет.
6. Кошумча билим берүү каражаттарынан түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби
24. Кошумча билим берүү каражаттарынан түшкөн каражаттарды пайдалануу түшкөн кирешелердин өлчөмүндө жүргүзүлөт.
25. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн алынган каражаттар төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- чогултулган сумманын 70%не чейинки өлчөмдө социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен кошумча эмгек акыга;
- сапаттуу билим берүү процессин өнүктүрүүгө жана камсыз кылууга.
Аталган каражаттар транспортко жана капиталдык ремонтко пайдаланылбайт.
7. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн алынган каражаттарды пайдаланууну контролдоо
26. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн сапаты жана уюштуруу, каражаттарды пландоонун жана пайдалануунун тууралыгын контролдоо төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
- билим берүүнүн жогору турган органы;
- келишимдик мамилелердин алкагында керектөөчүлөр.
| Жалпы билим берүүчү уюмдардан кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1. Жалпы жоболор
1. Бул методика төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан:
- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;
- Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү уюмдарды бюджеттик каржылоонун стандарттарынын.
2. Бул методиканын аракети кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарга жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жайылтылат.
3. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр мамлекет кепилдикке алган Базистик окуу планынан сырткары көрсөтүлөт.
4. Бул методиканын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жалпы билим берүүчү уюмдардын кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди (бааларды) негизсиз белгилөөдөн калкты коргоо;
- жалпы билим берүүчү уюмдар көрсөтүүчү акы төлөмө кызматтар рыногунда кыянаттык менен пайдаланууларга жол бербөө;
- жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылоонун жаңы методдорун түзүү системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.
5. Жалпы билим берүүчү уюмдардын кошумча билим берүү кызматтарына тарифтерди (бааларды) түзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы тиешелүү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүдө негизделген сарптоолордун базасында экономикалык жактан негизделген, аныкталган болушу керек;
- жалпы билим берүүчү уюмдардын кошумча билим берүү кызматтарына (жумуштарына) тарифтер (баалар) ушул методикалык колдонмого ылайык аныкталган өлчөмдөрдө белгиленет;
- тарифтер (баалар) бардык мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн айылда жана шаарда иштөө шарттарына бирдей деңгээлде бирдиктүү эрежелер жана бирдиктүү өлчөмдөр боюнча белгиленет.
2. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) бекитүү
6. Кошумча билим берүү кызматтарына тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жыл сайын окуу жылы башталганга чейин жүргүзүлөт жана окутуу баскычтары боюнча шаардык жана айылдык мектептер үчүн бирдиктүү баа принциби боюнча эсептелет.
7. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (баалардын) прейскурантына окуучунун, анын ата-энесинин (ата-энелердин же алардын Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде берилүүчү Базистик окуу планынан (мындан ары - БОП) сырткары көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтары киргизилет.
8. Тарифтерди (бааларды) өлчөө бирдиги үчүн жалпы билим берүүчү уюмдун окуучусун окутуунун бир сааттык наркы колдонулат.
9. Тарифтердин (баалардын) прейскуранты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин буйругу менен бекитилет.
3. Кошумча билим берүү кызматтарына тарифтердин (баалардын) наркынын түзүмү
10. Кошумча билим берүү кызматтарына тарифтер (баалар) жалпы билим берүүчү уюмдарды бюджеттик каржылоо стандарттарын (мындан ары - БКС) түзүүчүнүн базасында аныкталат. Рентабелдүүлүк нормасы кызмат көрсөтүүнүн тарифтик наркына киргизилбейт.
11. Жалпы билим берүүчү уюмдардын кошумча билим берүү кызматтарына тарифтерди (бааларды) эсептөөдө сарптоолордун төмөнкүдөй экономикалык элементтери бөлүп көрсөтүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы "Жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" № 18 токтому менен бекитилген жалпы билим берүүчү уюмдардын кызматкерлеринин эмгегине саат менен акы төлөөнүн өлчөмдөрүнө ылайык аныкталат;
- бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдарда педагогикалык кызматкердин эмгек акысынын үстөктөрүнүн жана кошумча төлөөлөрүнүн нормативдик катышы;
- педагогикалык ставкалардын жана администрациялык башкаруу жана көмөкчү кызматкерлеринин ставкасынын нормативдик катышы педагогикалык кызматкердин эмгек акы фондунун 25 проценти өлчөмүндө;
- Мыйзамда белгиленген тариф боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн Социалдык фондго чегерүүлөр; бир педагогикалык ставкага сааттардын нормативдик саны 29 саат өлчөмүндө;
- кошумча билим берүү кызматтарынын түрлөрү боюнча кымбаттоо коэффициенттери:
┌────────────────────────────┬───────────┬───────────────┬────────────┐
│ │ БФ боюнча │ Кошумча билим │ Кымбаттоо │
│ │нормативдик│ берүү │коэффициент-│
│ │ саны │ кызматтарынын │ тери │
│ │ │ багыттары │ │
│ │ │ боюнча │ │
│ │ │ окуучулардын │ │
│ │ │санынын эсептик│ │
│ │ │ нормативи │ │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Билим берүү │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Чет тил │ 9 │ 6 │ 1,5 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Информатиканын жана эсептөө │ 9 │ 6 │ 1,5 │
│техникасынын негиздери │ │ │ │
│(ИЭТН) │ │ │ │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Узартылган күн тобу │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Мектепке чейинкилер үчүн │ 23 │ 9 │ 2,6 │
│даярдоо курстары │ │ │ │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│ЖОЖго тапшыруучулар үчүн │ 9 │ 5 │ 1,8 │
│даярдоо курстары │ │ │ │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Логопедиялык, психологиялык │ 9 │ 6 │ 1,5 │
│жана дефектологиялык жардам │ │ │ │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Культурологиялык │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Көркөм-эстетикалык │ 9 │ 6 │ 1,5 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Спорттук │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Экология-биологиялык │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Туристтик-жерге таануу │ 23 │ 8 │ 2,9 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Экономикалык-укуктук │ 23 │ 9 │ 2,6 │
├────────────────────────────┼───────────┼───────────────┼────────────┤
│Спорттук-техникалык │ 9 │ 6 │ 1,5 │
└────────────────────────────┴───────────┴───────────────┴────────────┘
- окуу процессин камсыздоого чыгымдар мурунку жылы түзүлгөн чыгымдарга ылайык окутуунун бардык баскычтары жана билим берүү уюмдарынын түрлөрү боюнча аныкталат;
- окуу жылынын ичинде коммуналдык кызматтардын ордун толтурууга чыгымдар мурунку жылы түзүлгөн чыгымдарга ылайык аныкталат.
4. Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн кошумча
билим берүү кызматтарына (жумуштарына) тарифтердин
(баалардын) наркын эсептөө тартиби
12. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын түзүүчү бардык сарптоолор төмөнкү элементтер боюнча алардын экономикалык мазмунуна ылайык аныкталат:
- кызматкердин эмгек акысы;
- педагогикалык башка кызматкердин эмгегине акы төлөө фондунун үлүшү;
- Социалдык фондго төгүмдөр;
- окутуу баскычтары боюнча саат менен Базистик окуу планын аткаруу нормативи.
13. "Кызматкердин эмгек акысы" беренесине педагогикалык жана башка кызматкерлердин эмгек акысы киргизилет. Негизги кызматкерге билим берүү кызматтарын көрсөтүү менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер: мугалимдер, ийримдердин жетекчилери, адистер кирет. Башка кызматкерге окутуу менен иш жүргүзбөгөн, бирок аны ишке ашырууга көмөк көрсөткөн кызматкерлер кирет.
14. Социалдык фондго чегерүүлөр Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмүнүн тарифи боюнча жүргүзүлөт.
15. Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн билим берүү кызматтарына (жумуштарына) тарифтердин (баалардын) наркын эсептөө төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) Айына орточо эмгек акыны эсептөө:
Сзп = (В х (1 + W) + В х D) х (1 + SF), мында
Сзп - негизги сааттык эмгек акыга жана администрациялык-башкаруучу жана көмөкчү кызматкердин эмгек акысынын үлүшүнө үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен педагогикалык кызматкердин 1 сааттагы орточо эмгек акысынын эсептик көрсөткүчү;
В - жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгегине сааттык акы төлөө өлчөмү;
W - кызматкердин негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү;
D - эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунда администрациялык-башкаруучу жана көмөкчү персоналдын эмгек акы төлөө фондунун үлүшү;
SF - Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмүнүн тарифи;
2) Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ордун толтурууга чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат.
КЗМ = Нкр / 9 / 4 / ПС + МЗ, мында,
КЗМ - билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн 1 саатына коммуналдык жана материалдык сарптоолордун көрсөткүчү;
Нкр - бир жылга коммуналдык чыгымдар;
МЗ - БКС боюнча 1 окуучуга материалдык сарптоолор;
9 - бир жылдагы окуу айларынын саны;
4 - бир айдагы жуманын орточо саны;
ПС - 1 педагогикалык ставкага жумасына милдеттүү сааттардын орточо саны.
3) Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүлөрдүн 1 саатынын наркынын кымбаттоо коэффициенти төмөнкүчө эсептелет:
К = НН / НН , мында,
у БФ доу
К - кымбаттоо коэффициенти;
у
НН - бюджеттик каржылоо боюнча окуучулардын нормативдик саны;
БФ
НН - кошумча билим берүү кызматтары боюнча окуучулардын
доу нормативдик саны (11-пункт боюнча).
4) 1 окуучуга кошумча билим берүү кызматтарынын наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
С = (С х К / НН + КЗМ), мында,
доу зп у доу
С - кошумча билим берүү кызматтарынын (жумуштарынын) наркы;
доу
Сзп - билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин орточо эмгек
акысы;
КЗМ - билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн 1 саатына коммуналдык
жана материалдык сарптоолордун көрсөткүчү;
К - кымбаттоо коэффициенти;
у
НН - кошумча билим берүү кызматтары боюнча окуучулардын
доу нормативдик саны.
16. Кошумча билим берүү кызматкеринин педагогикалык жана башка кызматкерлерди сыйлоонун өлчөмүн аныктоо тартиби жалпы билим берүү уюмунун ички жобосу менен белгиленет.
Жалпы билим берүүчү
уюмдарда кошумча билим берүү
кызматтары жөнүндө жобого
2-тиркеме
Жан башына каржылоого өткөн уюмдар
үчүн кошумча билим берүү кызматтарына (жумуштарына)
класстардын чектик нормативдик санынын эсептик
КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
┌────────────────────────────────────────────┬────────────────────────┐
│ Кошумча билим берүү │ Кошумча билим берүү │
│ кызматтарынын багыттары │ кызмат көрсөтүүлөрү │
│ │ боюнча окуучулардын │
│ │ санынын чектик нормасы │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Билим берүү (Базистик окуу пландарынан │ 9 │
│сырткары окуу сабактары) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Чет тил │ 6 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Информатика жана эсептөө техникасынын │ 6 │
│негиздери (ИЭТН) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Узартылган күн тобу │ 9 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Мектепке чейинкилер үчүн даярдоо курстары │ 9 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│ЖОЖдорго тапшыруучулар үчүн даярдоо │ 5 │
│курстары │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Логопедиялык, психологиялык жана │ 6 │
│дефектологиялык жардам │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Культурологиялык (дүйнөлүк көркөм маданият, │ 9 │
│манас таануу, айтматов таануу, риторика, │ │
│этика, мекен таануу, дүйнөлүк цивилизациялар│ │
│тарыхы, этнография ж.б.) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Көркөм-эстетикалык (көркөм өнөрканалар, │ 6 │
│музыкалык студия, театралдык студия, бий │ │
│студиясы, шуру тизүү ийрими, лепка ж.б.) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Спорттук (атуу, сүзүү, күрөш, ушу, │ 9 │
│таэквандо, теннис, ж.б.) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Экологиялык-биологиялык (курчап турган │ 9 │
│чөйрөнүн экологиясы, жандуу предметтердин │ │
│экологиясы, валеология ж.б.) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Туристтик-жерге таануу │ 8 │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Экономикалык-укуктук (бизнес-клуб, колдонмо │ 9 │
│экономика) │ │
├────────────────────────────────────────────┼────────────────────────┤
│Спорттук-техникалык (автотранспорт │ 6 │
│каражаттарын айдоо, авто иши, ж.б.) │ │
└────────────────────────────────────────────┴────────────────────────┘
|
|