ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 27 января 2012 года №63 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Протокола о внесении изменений в Договор о коллективной безопасности от 15 мая 1992 года, подписанного 10 декабря 2010 года в городе Москве»

Редакцияот 27.01.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 27-январы №63

"Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары ушул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

"2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында киргизилет.

Айрыкча 2010-жылдын 10-декабрындагы Протокол төмөнкүдөй тактоолорду карайт:

- алардын коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунучтарды жоюу максатында мүчө-мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга тийиштүү 2-беренени;

- баскынчылык гана эмес, башка да куралдуу кол салуу учурунда андагы жамааттык аракеттер боюнча милдеттерди камтууну жайылтууга тийиштүү 4-беренени;

- 6-беренедеги мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрү гана эмес, жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, тактап айтканда, алардын ичинде ички иштер органдарын, атайын кызматтарды, чек ара ведомстволорду, өзгөчө таасир берүү органдарды да 2- жана 4-беренелери менен каралган учурларда колдонууга тийиштүү.

Көрсөтүлгөн такталган толуктоолор, мүчө-мамлекеттердин бирөөнө баскынчылык болгон учурда (куралдуу кол салуу, коопсуздугуна, туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө коркунуч келтирүү), калган бардык мүчө-мамлекеттер БУУнун Уставынын 51-беренесине ылайык ушул мүчө-мамлекеттин өтүнүчү боюнча жамааттык өзүн өзү коргоо укугун ишке ашыруу тартибинде тезинен алардын карамагында турган каражаттар (ошонун ичинде ички иштер органдарынын бөлүкчөлөрү, атайын кызматтардын, чек ара ведомстволорунун өзгөчө кырдаалдар органдарынын) менен аскердикти кошо, керектүү жардам көрсөтүшөт.

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо

Министри, генерал-майор

 

А.Кудайбердиев