ПостановлениеУтратил силу

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 30 апреля 2012 года № 262 «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об образовании Комиссии по оптимизации системы государственного управления Кыргызской Республики«от 11 февраля 2011 года № 41»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 30-апрели № 262

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамында:

"Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын:

"Новиков Артем Эдуардович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;";

"Үмөталиев Санжар Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;" позициясы күчүн жоготту деп табылсын;

"Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси;" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Ахметова Нурсулу Меирбековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын акча-кредит саясаты жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);";

"Жунушалиев Мелис Турусбекович - РRAGMА долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);" позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Жунушалиев Мелис Турусбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ө.Бабанов