Порядок контроля за отпуском лекарственных средств фармацевтическими организациями (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 5 января 2011 года №2)
Этот документ есть на русском языкеРусский
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 токтому менен бекитилген |
Фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүүсүн контролдоо ТАРТИБИ
1. Дарыкана уюмунун жумушчуларынын дары-дармек каражаттарын берүү тартибин сактоосун ички контролдоону дарыкана уюмунун жетекчиси (жетекчинин орун басары) же уюмдун ыйгарым укуктуу фармацевтик жумушчусу жүргүзөт.
2. Дарыкана уюмдарынын дары-дармек каражаттарын берүү тартибин, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда сатылгандарды тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти жана ММКФу фармацевттик кызматтарды көрсөтүүгө түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жүргүзөт.