ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 18 февраля 2013 года № 84 «Об утверждении Технического регламента»О безопасности молока и продуктов его переработки"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 409 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-февралы № 84

"Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев