Постановление Правительства КР от 10 июня 2013 года № 324 «Об утверждении Соглашения о сотрудничестве государств-членов Евразийского экономического сообщества в области подготовки и повышения квалификации медицинских и фармацевтических кадров, обмена научными и медицинскими специалистами, подписанного 28 сентября 2012 года в городе Ялта»
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2013-жылдын 10-июну № 324
Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий жана медициналык адистерди алмашуу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий жана медициналык адистерди алмашуу жаатындагы кызматташуусу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |