ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 1 июля 2013 года № 391 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О снятии оговорки к Протоколу об утверждении Положения об организации взаимодействия пограничных и иных ведомств государств-участников Содружества Независимых Государств в оказании помощи при возникновении и урегулировании (ликвидации) кризисных ситуаций на внешних границах, подписанному 5 октября 2007 года в городе Душанбе"

Редакцияот 01.07.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-июлу № 391

"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

 Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

 

1-берене.

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго аны Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 13-ноябрындагы № 208 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы менен ратификациялоодо жасалган чегинүү алып салынсын.

 

2-берене.

 

"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" (Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 18-ноябры, № 97) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-беренеде:

биринчи абзацындагы "төмөнкүдөй чегинүү менен" деген сөздөр алып салынсын;

экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколго чегинүүнү алып салуу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

 

4-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти