ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 4 октября 2013 года № 554 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Польша об отмене визовых требований для владельцев дипломатических паспортов, подписанного 6 июня 2013 года в городе Бишкек"

Редакцияот 04.10.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 4-октябры № 554

“Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

-“Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору жана корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

 

1-берене

Бишкек шаарында 2013-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн виза талаптарын алып таштоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө польша тарапка билдирсин.

 

3-берене

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти