ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 ноября 2013 года № 606 «Об утверждении Протокола о внесении изменений в Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Кабинетом Министров Украины о сотрудничестве в области правительственной связи от 25 апреля 2000 года, подписанного 14 декабря 2012 года в городе Бишкек»

Редакцияот 11.11.2013
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-ноябры № 606

Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун 3-беренесинде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2012-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Өкмөттүк байланыш жаатында кызматташуу жөнүндө 2000-жылдын 25-апрелиндеги макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө украина тарапка билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев