Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-декабры № 660

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө Кодексин ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашырууну каалаган чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо жол-жобосун иретке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо аттестатынын үлгүсү.

2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу боюнча чет мамлекеттердин органдарын жана уюмдарын аккредитациялоо жана иштөө тартиби жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтому менен бекитилген

 

Үлгү

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо АТТЕСТАТЫ

 

     Бул аттестат _____________________________________________________

__________________________________________________________________

                  (уюмдун аталышы, юридикалык дареги)

____________________________________________________________________

компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын (же башка

документтин) негизинде берилди ________________________________________

____________________________________________________________________

____________________________________________________________________

                   (чет өлкөлүк уюмдун турган жери)

____________________________________________________________________

(уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгүнун аталышы, юри-

дикалык дареги) _______________________________________________________

___________________________________________________________________

____________________________________________________________________

     Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары

болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүүгө укук берилет.

____________________________________________________________________

 

     Аттестаттын жарактуулук мөөнөтү: _________________________________

     Аттестаттын жарактуулугу 20__-ж. ___________________________ чейин

________________________________________ мөөнөткө узартылды.

     Аттестаттын жарактуулугу 20__-ж. ___________________________ чейин

________________________________________ мөөнөткө узартылды.

 

     Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри

 

     ________________________________________________________________

                             (Аты-жөнү, колу)

 

     Реестрде катталган датасы 20__-жылдын "__" _______.