ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 28 сентября 2011 года №689 «О списании бюджжетных ссуд, выданных местному бюджету города Бишкек из республиканского бюджета в 2009-2010 годах на выплату заработной платы и отчисления в Социальный фонд Кыргызской Республики»

Редакцияот 28.10.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 28-октябры №689

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эмгек акыларын төлөө, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунан чегерүүлөргө карата 2009-2010-жылдары республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген бюджеттик ссудаларды эсептен чыгаруу жөнүндө

Бдишкек шаарынын финансы-экономикалык  оор абалын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укутардын негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Респубдликасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Бишкек шаарынын мэриясы тарабынын эмгек акыларын төлөөгө, Кыргыз Республликасынын Социалддык фондусуна чегерүүлөргө карата 2009-2010-жылдары республикалык бюджэеттен алынган 298 080 100 (эки жүз токсон сегиз миллион сексен мин жүз) сом суммадагы бюджеттик ссудалар эсептен чыгарылсын.

2.    Бул токтом Кыргыз Республликасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн жөнөтүлсүн.

3.    Ушул токтомдун 1-пункту Кыргыз Респубдликасынын Жогорку Кеңеши мене макулдашылган учурдан тартып күчүнө кирээри белгиленсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын кантролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

5.    Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премер-министрдин милдетин аткаруучу

 

Ө. Бабанов