Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры № 596

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:

- 1-пункту "караштуу" деген сөздөн кийин "мамлекеттик мекеме" деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"- өлчөө каражаттарынын типтерин жана стандарт үлгүлөрдү бекитүү;";

- 13-пунктунда:

бешинчи абзацы "кызматкерлерин" деген сөздөн кийин "жетекчилерин" деген сөз менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"СМБнын ведомствого караштуу жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүктөрүнүн жоболорун, структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;".

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин

БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

 

                                                             ┌─────────────────────────────┐

                    │    Кыргыз Республикасынын   │    ┌──────────────┐

                    │      Экономикалык тескөө    │< ──┤  Коллегия    │

                    │          министрлиги        │    └──────────────┘

                                                             │     (Борбордук аппарат)     │

                                                             └──┬───────────┬───────────┬──┘

┌──────────┘           │           └───────────┐

┌───────────┴─────────┐  ┌─────────┴─────────────┐  ┌──────┴──────────┐

│   Министрликтин     │  │    Чет өлкөлөрдөгү    │  │    Аймактык     │

│    ведомстволук     │  │өкүлчүлүктөр жана соода│  │    органдар     │

│     органдары       │  │       өкүлдөрү        │  │                 │

└────────┬──────────┬─┘  └───────────────────────┘  └─────────────────┘

│          │

┌────────┴──────┐   │

│ Метрологиялык │   │

│  көзөмөлдөө   │   │

│   боюнча      │   │

│ мамлекеттик   │   │

│ инспекциясы   │   │

└───────────────┘   │

│

┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐   │   ┌ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┐

Аккредитациялоо         Стандартташтыруу

│    борбору    ├───┼───┤жана метрология │

                       боюнча борбору

└ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘   │   └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ┘

┌───────────┴─────────┐

┌─ ─ ─  ┴  ─ ─ ─ ──┐    ┌─ ─ ─┴─ ─ ─ ─ ─┐       ┌─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─  ─┐

                        "Бирдиктүү терезе"     "Кыргызресурсы"          Мамлекеттик кызматчы эмес

│         МИ       │    │       МИ      │       └ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ── ─ ─┘

"

                       └── ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘    └─ ─ ─ ─ ─ ─ ─ ─┘