ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 597 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»О софинансировании Кыргызской Республикой второго проекта Всемирного банка «Финансирование села - 2» от 30 декабря 2008 года № 731

Редакцияот 23.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры № 597

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Айыл чарбанын маанилүү тармактарын кредиттөө менен байланышкан банктык иштин спектрин кеңейтүүдө "Айыл банк" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 731 "Дүйнөлүк банктын "Айылды каржылоо - 2" экинчи долбоорун Кыргыз Республикасы тарабынан тең каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы "ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн имаратка коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен үч жылдык мөөнөткө" деген сөздөр "Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50 дареги боюнча жайгашкан имаратка коммуналдык кызматтарга акы төлөө менен 2017-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев