ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 5 октября 2011 года № 614 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Евразийским банком развития об условиях пребывания Евразийского банка развития (ЕАБР) на территории Кыргызской Республики, подписанного в городе Бишкек 14 сентября 2011 года»

Редакцияот 05.10.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-октябры № 614

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

Ө.Бабанов

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) болуу шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти