ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 28 апреля 2014 года № 241 «О составе Комиссии по оптимизации системы государственного управления Кыргызской Республики»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 17-апрели № 225

токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 28-апрели № 241

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

 башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын

курамы жөнүндө

 

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия ушул токтомдун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-апрелиндеги№ 241 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын

курамы

 

Сарпашев Тайырбек

Дуйшекеевич

–

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;

 

Карашев Аалы

Азимович

–

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Сариев Темир

Аргембаевич

–

Кыргыз Республикасынын экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары;

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Лаврова Ольга

Владимировна

 

–

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

 

–

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Мукамбетов Мурат

Картайбекович

–

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

 

Ахметова Нурсулу

Меирбековна

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Шадыбеков Куванычбек Баймуратович

–

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Пономарев Сергей

Васильевич

–

Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр

Викторович

–

“Гуманитардык долбоорлоо институту” коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча).