ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 22 мая 2014 года № 269 «О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики»

Редакцияот 22.05.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-майы № 269

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Айыл чарбалык продукцияны иштетүүчү жана тамак-аш продукциясын өндүрүүчү сектордун чарбакер субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- чарбакер субъекттердин айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге алуусу үчүн субсидия берүү боюнча такай жаңыланып туруучу кредиттик линия ачуу;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын алкагында алынган тракторлорду лизингге берүүдөн жана запастык тетиктерди сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен өндүрүүчү заводдордон айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге берүү үчүн сатып алуу.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-февралындагы № 88 "Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо" долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"г) түшкөн биринчи салымдарды жана кийинки лизингдик төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте лизинг алуучулардын арыздары боюнча лизингге берүү үчүн айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) алууга жумшасын жана региондор боюнча бөлүштүрүүдө бирдейликти сактасын.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж. Оторбаев