ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 1 июля 2014 года № 362 «Об утверждении Временного положения о параллельном проектировании и строительстве объектов, зданий и сооружений на территории Кыргызской Республики»

Редакцияот 01.07.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 1-июлу № 362

Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Объекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- курулуштары жарыш долбоорлоо менен жүргүзүлүп жаткан объекттерди, имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте каттоону жүргүзсүн;

- бир айлык мөөнөттө объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана курууну караган, ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев