ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 580 «О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Положения об общегражданском паспорте гражданина Кыргызской Республики образца 2006 года» от 10 ноября 2006 года № 787»

Редакцияот 23.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 23-сентябры № 580

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын

10-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын

жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык

паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн

бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо

киргизүү тууралуу

 

Паспорттук системаны өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен оптималдуу камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

"Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы боюнча анын наамына Кыргыз Республикасынын жаранынын экинчи жалпы жарандык паспорту берилиши мүмкүн.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев