Постановление Конституционной палаты Верховного суда КР 9 октября 2017 года № 12-П «Об утверждении Регламента Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентин бекитүү жѳнүндѳ
2017-жылдын 9-октябры №12-П
Ишмерликти натыйжалуу уюштуруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламенти бекитилсин (тиркеме 1).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын түзүмү менен штаттык бирдигин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 09-июлундагы № 1 токтому;
2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 23-январындагы № 03-П токтому;
3) «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 09-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 15-июнундагы токтому.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 9-октябрындагы №12-П токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын РЕГЛАМЕНТИ
Бул Регламент "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата) ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1. Конституциялык палатанын компетенциясына тийиштүү Конституциялык палатанын уюштуруу жана ишмердүүлүк маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары - конституциялык мыйзам) жана ушул Регламентке ылайык чечилет.
2. Конституциялык палатанын компетенциясына тийиштүү бардык маселелер боюнча Конституциялык палатанын отуруму чакырылат. Отурум, конституциялык мыйзам жана ушул Регламент менен бекитилген талаптарды сактоо менен ѳткѳрүлѳт.
3. Конституциялык палатанын отурумдары Конституциялык палатанын төрагасы, ал эми төрага болбогон учурда Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары тарабынан чакырылат.
4. Конституциялык палатанын ишин уюштурууга жана анын аппаратынын ишине тийиштүү маселелер Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан, же болбосо анын тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары тарабынан чакырыла турган Конституциялык палатанын судьяларынын кеңешмесинде каралат.
Конституциялык палатанын судьяларынын кеңешмесине Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
5. Конституциялык палатанын иши анын аппараты тарабынан камсыздалат, ага тике жетекчиликти аппараттын жетекчиси ишке ашырат. Конституциялык палатанын аппараты жөнүндө жобо, аппараттын түзүмү, чыгымдардын сметасынын чегинде штаттык саны Конституциялык палатанын төрагасынын сунуштамасы боюнча Конституциялык палата тарабынан бекитилет.
6. Конституциялык палатанын аппараты "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 55-беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкүлөрдү да ишке ашырат:
1) Конституциялык палатанын расмий билдирүүсүнө байланыштуу Конституциялык палатанын Төрагасынын жана судьяларынын пресс-конференцияларын (брифингдерин) уюштурат;
2) тиешелүү нускамада белгиленген тартипте электрондук документ айлантуу тутумун (мындан ары - ЭДТ) пайдалануу менен да иш жүргүзөт;
3) Конституциялык палатанын расмий сайтын алып барат;
4) Конституциялык палатанын отурумдарынын аудио-видео жазылуусун, ошондой эле стенографияланышын ишке ашырат;
5) Конституциялык палатанын Жарчысын чыгарууну уюштурат;
6) Конституциялык палатанын укуктук көз караштар базасын түзөт;
7) Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусун анализдейт жана алардын аткарылуусу боюнча чараларды кѳрѳт.
2-глава Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья-катчысын шайлоо, ордун алмаштыруу жана бошотуу тартиби
7. Конституциялык палатанын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судья-катчысынын кызмат орундарына шайлоо, тийиштүү кызмат орун бош болгон күндөн тартып он жумушчу күндөн кеч эмес чакырыла турган, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан ишке ашырылат.
Конституциялык палатанын судьяларынын төраганы шайлоо боюнча биринчи жыйналышы Конституциялык палатанын жашы улуу судьясынын төрагалыгы алдында өткөрүлөт. Төрагалык кылуучу талапкерлердин тизмегине киргизилген учурда, жыйналыш талапкерлердин тизмегине кирбеген курагы боюнча кийинки судьянын төрагалыгы алдында өткөрүлөт.
Төраганын орун басарын жана судья-катчыны шайлоо боюнча судьялардын жыйналышын андан аркы алып баруу Конституциялык палатанын тѳрагасынын тѳрагалыгы алдында ѳткѳрүлѳт.
8. Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья-катчысын шайлоо боюнча Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы, эгер анда Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы курамынын үчтөн эки бѳлүгүнѳн кем эмеси катышканда ыйгарым укуктуу деп таанылат.
9. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья-катчысын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн бюллетендердин таризин ачык добуш берүү менен бекитет.
10. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары жана судья-катчысы кызмат ордуна талапкерлер Конституциялык палатанын судьялары тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлүшү мүмкүн.
Конституциялык палатанын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын жана судья-катчысынын кызмат ордуна шайланууну каалоочу талапкерлердин саны чектелбейт.
Талапкерлер өзүнүн катышуусун алууга укуктуу.
11. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары жана судья-катчысы жашыруун добуш берүү менен шайланат. Жашыруун добуш берүү жана добуштарды эсептөө процедурасын камсыздоо үчүн, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан курамы үч судьядан турган эсептөө комиссиясы шайланат.
12. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлѳрүнүн кызмат ордуна талапкерлер Конституциялык палатанын судьялары тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт. Эсептөө комиссиясынын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер өзүнүн катышуусун алууга укуктуу. Талапкерлиги төраганын, төраганын орун басарынын жана судья-катчынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн адамдар эсептөө комиссиянын курамына шайлана алышпайт.
13. Эсептөө комиссиясынын жеке курамы Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышынын протоколунда көрсөтүлөт.
14. Эсептөө комиссиясы:
1) өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт;
2) бюллетендин таризин иштеп чыгарат жана судьялардын жыйналышына бекитүүгө киргизет;
3) судьялардын жыйналышына катышкан Конституциялык палатанын судьяларынын санына ылайык бюллетендерди даярдоону камсыздайт;
4) добуш берүүгө даярдыкты жана өткөрүүнү камсыздайт;
5) бюллетендерди толтуруу тартибин түшүндүрѳт;
6) добуш берүүнүн жүрүшүндө пайда болгон талаш-тартыштарды чечет;
7) добуштарды эсептейт жана добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялайт.
15. Талапкерлердин аты-жөнү добуш берүү үчүн бюллетенге ариптик тартипте ар бир кызмат орун үчүн ѳзүнчѳ киргизилет.
16. Добуш берүү судьялардын жыйналышында катышкан ар бир судьянын жеке өзү тарабынан, эсептөө комиссиясы тарабынан мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү урнасына салынуучу бюллетенди толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.
Конституциялык палатанын судьясы добуш берүүдө калыс кала албайт.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюла турган протокол менен таризделет жана судьялардын жыйналышына жарыяланат.
18. Эсептөө комиссиясынын протоколуна төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) шайлоо өткөрүлүп жаткан кызмат оруну;
2) добуш берүүнүн датасы;
3) бюллетенге киргизилген талапкердин (талапкерлердин) аты-жөнү;
4) жараксыз бюллетендердин саны;
5) ар бир талапкерлик боюнча берилген "макул" жана "каршы" добуштардын саны;
6) добуш берүүнүн жыйынтыгы.
19. Эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаргандан кийин өз ишин токтотот. Бул маселе боюнча өзүнчө чечимдин кабыл алынышы талап кылынбайт.
20. Эгерде бюллетенге бир талапкер киргизилген болсо жана ал шайланбаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде бюллетенге эки талапкер киргизилген болсо жана алардын бирөөсү да добуштардын керектүү санын албаса, добуштардын көпчүлүк санына ээ болгон талапкерге кайра добуш берүү жүргүзүлөт. Эгерде ал бул учурда да добуштардын керектүү санын албаса, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
Эгерде бюллетенге эки талапкерден ашык киргизилген болсо жана алардын бирөөсү да керектүү добуштардын санына ээ болбосо, добуштардын эң көп санына ээ болгон эки талапкердин ортосунда шайлоонун кийинки туру өткөрүлөт. Эгерде алардын бири да добуштардын керектүү санына ээ болбосо, эң көп добушка ээ болгон талапкерге кайра добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде талапкер бул учурда да добуштардын керектүү санына ээ болбосо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт. Эгер кийинки турга өткөн талапкер өз талапкерлигин алып салса, анын ордуна, алган добуштардын саны боюнча кийинки талапкерге добуш берүү өткөрүлөт.
21. Алтыдан кем эмес добушка ээ болгон судья тийиштүү кызматка шайланды деп эсептелет.
22. Конституциялык палатанын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана судья-катчысын шайлоо боюнча добуш берүү бюллетендери ар бир шайлоодон кийин өзүнчө конвертке салынат, мөөр басылат жана Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышынын протоколуна тиркелет. Ушул эле протоколго эсептөө комиссиясынын протоколдору да тиркелет.
23. Конституциялык палатанын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, судья-катчысынын кезектеги шайлоосу алардын ыйгарым укуктарынын аяктоо мөөнөтүнѳн үч күн мурун, бирок акыркы күнүнѳн кечиктирбестен өткөрүлөт.
24. Конституциялык палатанын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган же болбосо кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда төраганын милдеттерин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары аткарат.
Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары жок болгон учурда төраганын милдеттерин судья-катчы аткарат.
25. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары, судья-катчысы болбогон учурда, Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан бул милдеттер жүктөлгөн, Конституциялык палатанын судьясы убактылуу аткарат.
26. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы өзүнөн ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда алуу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы аталган чечимди кабыл алган учурда Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышынын кароосуна ыйгарым укуктарды мѳѳнѳтүнѳн мурда алуу жөнүндө жазуу түрүндө арыз киргизет.
27. Конституциялык палатанын судьялар жыйналышы аталаган арызды ал берилген күндөн тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө карайт.
Судьялардын жыйналышы Конституциялык палатанын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын же судья-катчысынын арызын канааттандырууга же болбосо аны канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
Арызды кароо Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын үчтөн эки бѳлүгүнѳн кем эмесинин катышуусунда Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы тарабынан жүргүзүлөт.
Бул маселе боюнча чечим Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
28. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы алардын кайрылуусун канааттандыруу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып, ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелишет.
29. Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы ыйгарым укуктарды алуу жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартуу жѳнүндѳ чечимди кабыл алган учурда Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы алар шайланган мөөнөттүн аягына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну улантышат.
30. Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы алардын арызын канааттандыруудан баш тартуу жѳнүндѳ чечимди кабыл алган күндөн тартып, алты ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын алуу жөнүндө экинчи жолу кайрылууга укуктуу.
Конституциялык палатанын төрагасы, төрагасынын орун басары же судья-катчысы кызматынан ыйгарым укуктарды алуу жөнүндө арыз менен кайталап кайрылган учурда, Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышы арызды канааттандырууга тийиш.
3-глава Конституциялык палатанын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, судья-катчысынын ыйгарым укуктары
§ 1. Конституциялык палатанын төрагасынын ыйгарым укуктары
31. Конституциялык палатанын төрагасы Конституциялык палатанын судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге:
1) иштердин жана башка маселелердин Конституциялык палатанын отурумунда кароого даярдыгын жетектейт;
2) Конституциялык палатанын отурумдарын, кеңешмелерин, судьяларынын жыйналышын чакырат, кароого жаткан маселелерди талкуулоого киргизет, аларда төрагалык кылат;
3) Конституциялык палатанын атынан чыгат жана сүйлөйт;
4) келип түшкөн кайрылууларды Конституциялык палатанын судьяларынын арасында бөлүштүрөт, анын ичинде иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылыган тутумун пайдалануу менен.
Судья ооруп же ѳз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда ишти бир судьядан башка судьяга ѳткѳрүп берет.
5) Конституциялык палатанын бекитүүсүнө анын Регламентин киргизет;
6) отурумду өткөрүү, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
7) Конституциялык палатанын аппаратына жалпы жетекчилигин ишке ашырат, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, ошондой эле Конституциялык палатанын бекитүүсүнѳ Конституциялык палатанын аппараты жөнүндө жобону жана анын түзүмүн көрсөтөт;
8) Конституциялык палатанын аппаратынын штаттык ырааттамасын бекитет;
9) Конституциялык палатанын чечимдеринин, корутундуларынын, токтомдорунун, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана отурумдарынын протоколдоруна кол коет;
10) өзүнүн демилгеси боюнча же бир же андан көп судьялардын сунушу боюнча Конституциялык палатанын судьяларын, аппаратын Конституциялык палатанын судьяларынын кеңешмесине чакырат;
11) кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуунун конституциялык мыйзам менен бекитилген мөөнөттөрүн сактоону контролдойт; Конституциялык палатанын бекитүүсүнѳ өткөрүлө турган отурумдардын графигин кварталда бир жолу көрсөтөт;
12) судьялардын жыйналышынын кароосуна кезектеги финансылык жылдын бюджетинин долбоорун көрсөтөт;
13) судьялардын кызматтык иш сапарларга жѳнѳтүлүшү жөнүндө маселелерди чечет, анын ичинде ѳдүрүшүндѳ болгон материалдарды эске алуу менен жеке чакыруу боюнча да;
14) жылдын жыйынтыктары боюнча коомчулукка Конституциялык палатанын иши тууралуу маалыматты көрсөтөт;
15) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
16) конституциялык мыйзамга жана ушул Регламентке ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
32. Конституциялык палатанын төрагасы буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.
Конституциялык палатанын ишмерлигине байланыштуу бардык уюштуруу маселелери боюнча буйруктар кабыл алынат.
Судьялар коллегиясын түзүү, ишти бир судьядан башкасына өткөрүп берүү, өзгөчө оор иштер боюнча бир нече судьяны баяндамачы катары аныктоо маселелери боюнча тескемелер чыгарылат.
§ 2. Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары
33. Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Конституциялык палатанын судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге Конституциялык палатанын төрагасы жок болгондо же анын тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин аткарат.
§ 3. Конституциялык палатанын судья-катчысынын ыйгарым укуктары
34. Конституциялык палатанын судья-катчысы Конституциялык палатанын судьясынын милдеттерин аткаруу менен бирге:
1) конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын сотко келишин, Конституциялык палатанын отурумун өткөрүүнү камсыздаган техникалык каражаттардын даярдыгын текшерүү менен бирге, Конституциялык палатанын отурумдарын даярдоо боюнча ишти уюштурууну жүргүзөт;
2) Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылышын камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
3) өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууларды кароонун конституциялык мыйзам менен бекитилген мөөнөттөрүн сактоону контролдойт;
4) Конституциялык палатанын отурумдарын өткөрүүнүн айлык жана кварталдык графигинин долбоорун түзөт жана Конституциялык палатанын төрагасына киргизет. График түзүүдө биринчи ирет Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү тууралуу судьялардын суроо-талаптары жана Өкмөттүн сунуштамалары, ошондой эле судья-баяндамачынын сунушу боюнча башка иштер киргизилет.
5) Конституциялык палатанын отурумунун протоколун жүрүгзүү жана өз убагында тариздөө боюнча ишти уюштурат;
6) Конституциялык палатанын чечимдеринин, токтомдорунун, корутундуларынын, аныктамаларынын көчүрмөлөрүнө жана отурумдарынын протоколдоруна кол коет;
7) Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусунун анализин даярдоо боюнча ишти уюштурат. Жалпыланган материалдарды зарыл болгон учурда, ошондой эле календардык жылдын жыйынтыгы боюнча Конституциялык палатанын судьяларына жөнөтөт;
8) жалпыга маалымат үчүн Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу жөнүндө материалдарды жарыялоо боюнча ишти уюштурат;
9)Конституциялык палатанын ишин маалыматтык камсыздоону уюштурат;
10) конституциялык мыйзамга жана ушул Регламентке ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Судья-катчы өз ыйгарым укуктарын Конституциялык палатанын аппаратынын жетекчиси менен бирге аракеттешүү аркылуу ишке ашырат.
4-глава Конституциялык палатанын расмий билдирүүсү
35. Конституциялык палатанын атынан расмий билдирүү менен чыгып сүйлөө жөнүндө демилге Төрага тарабынан же болбосо үчтөн кем эмес судьялар тарабынан киргизилет. Конституциялык палатанын расмий билдирүүсүнүн тексти Конституциялык палатанын судьяларынын кеӊешмесинде каралат жана бекитилет.
36. Конституциялык палатанын төрагасы Конституциялык палатанын атынан расмий билдирүү менен чыгып сүйлөөгө же болбосо чыгып сүйлөөнү башка судьяга ыйгарууга укуктуу.
37. Расмий билдирүүнүн текстинин мазмуну менен макул болбогон судья өзүнүн макул эместигин жазуу түрүндө туюндурууга милдеттүү, ал Конституциялык палатанын расмий билдирүүсүнүн текстин бекитүү жөнүндө кеӊешменин материалдарына тиркелет.
5-глава Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы
38. Конституциялык мыйзамга ылайык Конституциялык палатада судьялар коллегиялары түзүлөт.
Судьялар коллегиялары Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылууларды кароо үчүн үч судьянын курамында түзүлөт.
39. Судьялар коллегиясынын жеке курамы, анын ичинде кайрылууну кароо тапшырыла турган судья, материалдын Конституциялык палатага келип түшкөн күнүнөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан, анын ичинде иштерди бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумун пайдалануу менен судьялардын жүктөмүн эске алуу менен аныкталат.
40. Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары жана судья-катчы судьялар коллегиясынын курамына жалпы негизде киргизилет.
41. Судьялар коллегиясынын курамындагы судьяны башка судья менен алмаштыруу маселеси Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан чечилет. Кайрылууну кароого жооптуу судьяны, же болбосо судьялар коллегиясынын курамындагы бир судьяны алмаштыруу судья ооруган жана судьянын өзүнүн катышуусун алууну канааттандырган учурларда мүмкүн.
42. Судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу же болбосо кабыл алуу жөнүндө аныктаманы чыгаргандан кийин өз ишин токтотот. Бул маселе боюнча өзүнчө чечим кабыл алуу талап кылынбайт.
43. Судьялар коллегиясынын отурумдары протоколдонот. Судьялар коллегиясынын отурумдарынын протоколун жүргүзүү Конституциялык палатанын аппараты тарабынан камсыздалат.
6-глава Кароого кабыл алынган кайрылуулар жана кароого дайындалган иштер жөнүндө маалымат
44. Конституциялык палата кароого кабыл алган кайрылуулардын жана соттук отурумга дайындалган иштердин тизмеги Конституциялык палатанын аппараты тарабынан Конституциялык палатанын ЭДТсында жайгаштырылат.
45. Отурумда кароого дайындалган кайрылуулар жөнүндө маалымат Конституциялык палатанын аппараты тарабынан Конституциялык палатанын расмий сайтында отурумдун башталышына чейин 10 күн мурун жарыяланат.
II бөлүм Конституциялык сот өндүрүшү
7-глава Конституциялык палатага кайрылуунун тартиби
§ 1. Конституциялык палатага кайрылуу
46. Конституциялык мыйзамдын 20-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер Конституциялык палатага кайрылуу укугуна ээ.
47. Конституциялык палатага болгон кайрылуулар «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен каралган талаптарга ылайык келиши зарыл. Кайрылуулар, ошондой эле аларга тиркелген материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
48. Конституциялык палатага болгон кайрылуулар почта корреспонденциясы аркылуу да жиберилиши мүмкүн, ошондой эле Конституциялык палатанын аппаратына түздөн-түз тапшырылышы да мүмкүн. Кайрылуу Конституциялык палатанын аппараты тарабынан түшкөн күнү катталат.
§ 2. Кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуунун, кабыл алуудан баш тартуунун же болбосо аларды кайтарып берүүнүн тартиби
49. Конституциялык палатага келип түшкөн кайрылуулар Конституциялык палатанын төрагасына кайрылуунун конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундусу менен үч жумуш күндүн ичинде Конституциялык палатанын аппаратынын жетекчиси тарабынан киргизилет. Конституциялык палатанын төрагасы келип түшкөн кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн Конституциялык палатанын судьялар коллегиясына өткөрүп берет.
50. Судьялар коллегиясы кайрылууну текшерүүдө келип түшкөн кайрылуунун «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет.
Кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган жана ошону менен караштуу эмес жана/же ылайыксыз талаптар табылган учурда, судьялар коллегиясы мындай талаптарды өндүрүшкө кабыл алуу бөлүгүндө баш тартат.
51. Арыздануучу талаптарынан баш тарткан жана судьялар коллегиясы тарабынан өндүрүшкө кабыл алуу же болбосо кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынганга чейин өз ыктыяры менен маселени алып салган учурда, судьялар коллегиясы кайрылууну кайтарып берет. Кайрылууну арыздануучуга кайтарып берүү жөнүндө чечим судьялар коллегиясынын кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө аныктамасы менен кабыл алынат.
Кайрылууну арыздануучуга кайтарып берүү жөнүндө чечим арыздануучуну ошол эле талап менен жана ошол эле негиздер боюнча Конституциялык палатага кайталап кайрылуу мүмкүндүгүнөн ажыратпайт.
52. Судьянын тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын аппараты тарабынан тийиштүү аныктамалардын долбоорлору иштелип чыгат, алар судьялар коллегиясынын кароосуна киргизилет.
53. Судьялар коллегиясынын тийиштүү аныктамасынын көчүрмөсү тиркелген материалдар менен аппарат жетекчиси тарабынан арыздануучуга жөнөтүлөт.
§ 3. Судьялар коллегиясынын отурумдары
54. Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же болбосо аны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама судьялар коллегиясынын отурумунда кабыл алынат.
55. Судьялар коллегиясынын отурумдары белгиленген күндөрү өткөрүлөт жана коллегиянын бардык судьяларынын катышуусунда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
56. Судьялар коллегиясынын отурумунда каралып жаткан маселе боюнча материалдарды даярдоону тикелей ишке ашырып жаткан Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
57. Судьялар коллегиясынын отурумунда кайрылууларды кароонун жыйынтыктары боюнча кайрылуу Конституциялык палатанын аппаратында катталган күндөн тартып отуз жумуш күн ичинде кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат.
Аныктамада коллегиянын курамы, кайрылуунун маңызы, дата, орду жана кабыл алынган чечимдин жүйөлөрү көрсөтүлөт.
58. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же болбосо кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама судьялар коллегиясынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана бардык судьялар тарабынан кол коюлат.
§ 4. Судьялар коллегиясынын аныктамасына даттануунун тартиби
59. Судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамасы Конституциялык палатага даттанылышы мүмкүн. Мында судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамасы ишти кароого дайындаганга чейин даттанылышы мүмкүн.
60. Судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамасына даттануу Конституциялык палатага жазуу жүзүндө берилет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) Конституциялык палатанын аталышы;
2) арыздануучуга тиешелүү аталыш, дарек жана башка зарыл маалыматтар;
3) судьялар коллегиясынын аныктамасына болгон даттануунун жүйөлөрү;
4) даттануу берген адамдын өтүнүчү;
5) даттанууга тиркелген документтердин тизмеси.
61. Даттануу Конституциялык палатанын аппаратында келип түшкөн күнү катталат.
62. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага даттануу Конституциялык палата тарабынан катталган күндөн тартып отуз жумуш күн ичинде каралат. Даттанууну карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча Конституциялык палата токтом кабыл алат.
63. Даттанууну кароо үчүн Конституциялык палатанын отурумун даярдоо Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан даттануу катталган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен Конституциялык палатанын судьяларынын бирине тапшырылат.
Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан тийиштүү тескеме кабыл алынган күндөн тартып жыйырма жумуш күндүн ичинде судья материалдарды Конституциялык палатанын отурумуна даярдайт. Мында даттанууну кароо жөнүндө токтомдун долбооору изилдөө үчүн отурум өткөрүлө турган датага чейин беш жумуш күндөн кечиктирбестен бардык судьяларга таратылат. Материалдар электрондук формада берилет.
64. Конституциялык палата кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судьялар коллегиясынын аныктамасына даттанууну канааттандырган учурда судьялар коллегиясынын аныктамасын жокко чыгаруу жана кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алат.
Конституциялык палата даттанууну негизсиз деп тааныганда арыздануучунун даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алат.
Конституциялык палатанын токтомунун көчүрмөсү аппарат жетекчиси тарабынан арыздануучуга жөнөтүлөт.
§ 5. Иштерди бириктирүү жана караштуу эмес талаптарды бөлүп чыгаруу
65. Конституциялык палатага конституциялык сот өндүрүлүшү башталган, бир эле маселени козгогон ар башка адамдардын бир нече кайрылуулары келип түшкөн учурда Конституциялык палатанын төрагасынын тескемеси боюнча иштер судьялардын бирине аларды бир өндүрүшкө бириктирүү үчүн өткөрүлүп берилет.
66. Эгер бир кайрылууда Конституциялык палатага караштуу эмес талаптар берилсе, судьялар коллегиясы кайрылууну бул бөлүгүндө кабыл алуудан баш тартат.
8-глава Иштерди кароого даярдоо жана дайындоо
67. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья-баяндамачы эки айлык мөөнөттө ишти кароого даярдоону жүргүзөт:
1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга конституциялык мыйзам менен каралган процессуалдык укуктарды жана милдеттерди түшүндүрөт;
2) тараптарды сурайт;
3) ишке тиешеси бар зарыл документтерди жана башка маалыматтарды кошумча талап кылуу жөнүндө аныктама чыгарат;
4) тиешелүү кызмат адамдарды жана башка жактарды сурайт;
5) зарыл болгон учурда, отурумга чакыртылууга жана чакыртылып келтирилүүгө тийиш болгон күбөлөрдүн, эксперттердин жана башка адамдардын чөйрөсүн аныктайт;
6) ар кандай адамдардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндүрүшүнө бириктирүү жөнүндө аныктама чыгарат;
7) Конституциялык палатанын отурумунда ишти кароого дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, отурумдун катышуучуларын кабардар кылат жана зарыл адамдардын катышуусун камсыздайт;
8) болгон материалдар боюнча актынын долбоорун даярдайт;
9) отурум башталышына чейин он күндөн кечиктирбестен актынын долбоорун Конституциялык палатанын бардык Конституциялык палатанын бардык судьяларына жөнөтөт жана аларды иштин материалдары менен электрондук документ жүгүртмө тутуму аркылуу камсыз кылат;
10) ишти туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүргүзөт.
68. Судья-баяндамачы ишти кароого даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүдө Конституциялык палатанын аппаратына тийиштүү тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
69. Судья-баяндамачы ишке таандык зарыл документтерди жана башка маалыматты талап кылуу жөнүндө аныктама чыгарат.
Документтерди жана башка зарыл материалдарды талап кылуу зарыл документтердин аталышын, ошондой эле аларды берүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен тийиштүү органдарга же кызмат адамдарга кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт.
70. Келтирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына же болбосо алардын өтө маанилүүлүгүнө жараша, ишти кароого даярдоо судья-баяндамачынын жазуу түрүндөгү жүйөлүү кайрылуусунун негизинде Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан бир нече судьяларга тапшырышы мүмкүн.
Мындай учурда Конституциялык палатанын төрагасы үч жумуш күндөн кеч эмес бир нече судьяларга ишти даярдоону тапшыруу жөнүндө тескеме кабыл алат. Тескемеде ар бир судьяга бөлүнгөн маселелер аныкталып, судьялардын жеке курамы көрсөтүлөт.
71. Ишти Конституциялык палатанын отурумунда кароого даярдоо процессинде экспертизаны дайындоо судья-баяндамачы тарабынан аныктама чыгаруу жолу аркылуу жүргүзүлөт. Аныктамада судья-баяндамачы тарабынан эксперттерге суроолор туюндурулат жана эксперттик корутундуну берүүнүн мөөнөтү аныкталат.
72. Экспертизаны жүргүзүү карала турган ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимге ээ болгон эксперттик мекемелерге же эксперттерге тапшырылат. Соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөгөн экспертизалардын кээ бир түрлөрүн жүргүзүү үчүн мыйзамда бекитилген тартипте тийиштүү билимге ээ болгон башка адистер да чакырылат.
73. Судья-баяндамачы материалдарды кароого даярдоодо Конституциялык палата менен каралып жаткан иш боюнча өзүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, жүйөлөрүн жана ой-толгоолорун берүү үчүн укуктун айрым маселелери боюнча башка жактарды тартууга укуктуу.
74. Конституциялык палатанын отурумунда ишти кароого даярдоо, ишти тариздөө менен аяктайт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кайрылуу (сунуштама, өтүнүч, суроо-талап);
- аларга тиркелген бардык материалдар, кайрылууга жазылган пикирлер, Конституциялык палата жѳнѳткѳн талаптардын жана суроо-талаптардын көчүрмөлөрү, аларга жооптор;
- эксперттердин корутундулары, башка жактардын түшүндүрмѳлѳрү;
- тараптарды, күбѳлѳрдү сурамжылоо жѳнүндѳ маалымкаттар;
- ишти кароого даярдоо процессинде судья тарабынан чыгарылган процесстик актылар;
- Конституциялык палатанын жыйынтыктоочу актысынын (чечимдин, корутундунун) долбоору;
- Конституциялык палатанын Аппараты даярдаган аналитикалык кат.
Соттук иш кагаз түрүндѳ түзүлөт, толукталат жана сакталат.
75. Ишти түзүү, архивдештирүү жана сактоо Конституциялык палатанын аппараты тарабынан иш жүргүзүү боюнча нускамага ылайык камсыздалат.
9-глава Судьянын катышуусун алдыруу жана өзүнүн катышуусун алуу
76. Судья аны кызматтан бошоткон же болбосо, конституциялык мыйзамда бекитилген тартипте, өзүнүн катышуусун алуу же судьянын катышуусун алдыруу тууралуу маселе канааттандыраарлык чечилген учурлардан тышкары, Конституциялык палатанын отурумуна катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес.
77. Конституциялык палатанын судьясы конституциялык сот өндүрүшүнүн кайсы гана этабында болбосун өзүнүн катышуусун алууну төмөнкү учурларда билдирүүгө милдеттүү:
1) эгерде судья мурда кызмат абалына байланыштуу кароонун предмети болуп саналган актыны кабыл алууга катышса;
2) эгерде ишти чечүүдө судьянын объективдүүлүгү анын сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандык же башка жеке байланыштарынан улам күмөн саноого алып келиши мүмкүн болсо;
3) эгерде судья талашылып жаткан уккутук актынын уккутук мүнөзү тууралуу өзүнүн пикирин коомчулуктун алдында айткан болсо;
4) судьянын калыстыгына таасир эте турган башка жагдайлар болсо.
Ушул эле негиздер боюнча тараптар судьянын (судьялардын) катышуусун алдырууну билдирүүгө укуктуу.
78. Судья өзүнүн катышуусун алууну жазуу түрүндө билдирет.
79. Конституциялык палата, тараптардын өтүнүчү боюнча, ушул Регламенттин 78-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, катышуусун алып салуу жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин анын катышуусун алып салуу жөнүндө жүйөлүү аныктама чыгарат.
Судьянын өзүнүн катышуусун алуу жөнүндө арызын канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө чечим, же болбосо тараптардын судьянын катышуусун алдыруу жөнүндө ѳтүнүчтѳрү, анын катышуусусуз кеңешме бөлмөдө бул маселенин кароосуна катышып жаткан судьялардын санынын жѳнѳкѳй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
80. Өзүнүн катышуусун алуу жөнүндө өтүнгөн судья, же болбосо, тараптар катышуусун алдырууну өтүнгөн, судья добуш берүүгө катышпайт.
Эгер ишти кароо үчүн кворумдун бузулушуна алып келсе, анда судьянын (судьялардын) өзүнүн катышуусун алууга (катышуусун алдырууга) жол берилбейт, ал жөнүндө Конституциялык палата аныктама чыгарат.
81. Иш боюнча баяндамачы болгон судья ишти кароодон четтетилген учурда, Конституциялык палата ошол эле учурда жаңы судья-баяндамачыны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
10-глава Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары
82. Тараптар, алардын өкүлдөрү, күбөлөр, эксперттер, котормочулар конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары болуп эсептелишет.
83. Конституциялык палатанын отурумуна каралып жаткан ишке тиешеси бар каалаган адам чакырылышы мүмкүн.
84. Конституциялык сот өндүрүшүндө тараптар деп төмөнкүлөр таанылат:
1) кайрылуучу тарап - сунуштамалары жана өтүнүчтөрү өндүрүшкө кабыл алынган жактар же органдар;
2) жоопкер-тарап - ченемдик укуктук актыны чыгарган, ага кол койгон орган же кызмат адамдары же конституциялуулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун, эл аралык келишимди ратификациялоону, бекитүүнү же Кыргыз Республикасы үчүн башка ыкма менен күчүнө киргизүүнү демилгелеген субъекттер.
85. Тараптар өз иштерин жеке же ѳзүнүн өкүлдѳрү аркылуу жүргүзүшү мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтѳн кѳп эмес ѳкүлгѳ ээ боло алат.
Ѳкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте таризделет.
Конституциялык палатанын отурумуна бирдей ыйгарым укуктардын чегине ээ болгон бир тараптын бир нече өкүлдөрү катышкан учурда, Конституциялык палата, каралып жаткан маселелер боюнча тараптын акыркы позициясын аныктай ала турган, алардын арасынан бир адамды талап кылышы мүмкүн.
Конституциялык палатанын отурумунда маселе каралып башталгандан кийин тарап өзүнүн кызыкчылыктарын жактоону жаңы өкүлгө тапшыра алат, ошондой эле өзүнүн өкүлдөрүн мурда жүктөлгөн милдеттерден бошотуп, процесстин каалаган стадиясында ага өзү катыша алат.
86. Конституциялык палата тарабынан суроо-талабы өндүрүшкө кабыл алынган судья (судьялар) тарап деп таанылбайт, отурумга чакырылбайт.
87. Тараптар бирдей процесстик укуктар менен пайдаланышат.
Тараптар жана алардын өкүлдөрү иштин материалдары менен таанышууга, алардан ичинен жазып алууларды жүргүзүүгө, көчүрмөлөрдү алууга, далилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.
Ошондой эле, тараптар өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жүзүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.
88. Бир ишке бириктирилген бир нече сунуштамаларды же өтүнүчтөрдү, же бир нече кошо жүрүүчү маселелерди отурумда кароо учурунда, тарап (өкүл) башка тараптын сунуштамаларына жана өтүнүчтөрүнө, анын өзүнүн сунуштамасынын же өтүнүчүнүн предметине тийиштүү бөлүгүндө гана жеке кѳз карашын билдирүүгө, билдирүү жасоого жана пикирлерди көрсөтүүгө укуктуу.
89. Кайрылуучу тарап өз талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу.
Мында коюлган талаптын предметин өзгөртүү кайрылууда коюлган укуктук маселенин чегинде болушу керек.
Жоопкер-тарап аларды толук же жарым-жартылай моюнга алууга же болбосо аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укуктуу.
90. Ар бир тарап далилдерди келтирүүгѳ жана өз талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө укуктуу.
91. Тараптар өз укуктарын ак ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Сотко атайын жалган маалыматтарды берүү Конституциялык палатаны урматтабагандык катары бааланат жана мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Регламенттин ченемдерин аткарууга милдеттүү:
- Конституциялык палатанын чакыруусу менен келүүгө;
- Конституциялык палатанын отурумунда бири-бирине жана Конституциялык палатада кабыл алынган эрежелерге жана процедураларга сый мамиле жасоого;
- түшүнүк берүүгө, төрагалык кылуучунун, судьялардын жана конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каралып жаткан маселе боюнча суроолоруна жооп берүүгө;
- төрагалык кылуучунун Конституциялык палатанын отурумунун тартибин сактоо жөнүндө тескемесине баш ийүүгө.
92. Аныкталуусу Конституциялык палатанын карамагына берилген иш жүзүндөгү жагдайларды изилдөөнүн зарылчылыгы болгондо, андай жагдайлар жөнүндө маалыматтары же материалдары бар жактар күбө катары чакырылышы мүмкүн.
93. Күбө Конституциялык палатага каралып жаткан иштин маңызына тиешелүү, жеке өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө жана Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү. Зарыл болгондо ал жазуу жүзүндөгү белгилөөлөрдү, ошондой эле документтерди жана башка материалдарды пайдалана алат.
94. Конституциялык палатанын отурумуна эксперт катары каралып жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билими бар адам чакырылышы мүмкүн.
Корутундуну баяндагандан кийин, эксперт Конституциялык палатанын судьяларынын жана тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
95. Жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдар Конституциялык палатада каралуучу конкреттүү иште укуктун айрым маселелери боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, жүйөөлөрүн жана ой-пикирлерин берүүгө укуктуу. Мында Конституциялык палата алардын жүйөөлөрүнө жана ой-пикирлерине байланбайт.
Башка жактардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү, жүйөөлөрү жана ой-пикирлери аталган субъекттер чагылдыргысы келген укук маселелеринин тизмесин, ошондой эле алардын аталган маселелерде компетенттүүлүгүн күбөлөндүргөн маалыматты камтууга тийиш.
Судья-баяндамачы ушул пунктта көрсөтүлгөн субъекттерге өз демилгеси боюнча кайрылууга укуктуу.
Судья-баяндамачынын суроо-талаптарына мамлекеттик органдар жана жергликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жоопторуна биринчи орун басарынын же орун басарынын деңгээлинен төмөн кызмат адамы тарабынан кол коюлган учурда, алар Конституциялык палатанын Аппараты тарабынан кабыл алынбайт жана кайтарылууга тийиш.
96. Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, Конституциялык палата тарабынан дайындалган, тексттерди жана оозеки кепти которуу үчүн зарыл болгон тилдерди эркин билген адам котормочу болуп эсептелет.
Котормочу Конституциялык палатанын чакыруусу боюнча келүүгө жана ага тапшырылган котормону толук жана так аткарууга милдеттүү.
11-глава Конституциялык палатанын отурумдарында кайрылууларды кароонун тартиби
§ 1. Конституциялык палатанын отурумундагы процедуралар жана этикет
97. Конституциялык палатанын отурумдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, Мамлекеттик желеги жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы коюлган, атайын жабдылган залда салтанаттуу шартта өткөрүлөт.
Конституциялык палатанын судьялары мантия кийип отурум өткөрүшөт.
98. Конституциялык палатанын судьялары отурумдар залына киргенде, ошондой эле залдан чыгууда катышуучулардын баары ордунан турат.
99. Сот отурумунун катышуучулары төраганын уруксаты менен туруп сотко кайрылат, түшүнүк берет жана сөз сүйлөйт. Бул эрежеден четке чыгуу судьянын уруксаты менен болушу мүмкүн. Отурумдун катышуучулары судьяларга суроо берүүгө укуксуз.
100. Конституциялык палатага расмий кайрылуунун формалары тийиштүү түрдө: "Урматтуу Сот", "Сиздин урматыңыз" же "Урматтуу төрагалык кылуучу", "Урматтуу судья" болот.
101. Тараптарга жана процесстин катышуучуларына кайрылууда, ошондой эле аларды чыгып сүйлөгөндө атаганда төмөнкү сөз айкаштары колдонулат: "Урматтуу тарап", " Урматтуу тараптын өкүлү", "Урматтуу күбө", "Урматтуу эксперт". Зарылдыкка жараша кайрылуунун дарегин тактоо үчүн процесстин тийиштүү катышуучусунун аты-жөнү да көрсөтүлөт.
102. Залдагы процесстин катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жарандар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Конституциялык палатага, тараптарга, процесстин башка катышуучуларына жана бири-бирине сый-урмат мамиле кылууга;
2) сот отуруму өткөрүлүп жаткан залда бекитилген тартипти сактоо жөнүндө төрагалык кылуучунун буйругуна баш ийүүгө, ошондой эле отурумдун ырааттуу жүрүшүнө башка кандайдыр бир тоскоолдуктарды жасабоого;
3) Конституциялык палатанын отуруму жүрүп жаткан учурда залда баспоого, сүйлөбѳөгө, реплика айтпоого, ошондой эле отурумдун жүрүшүнѳ кандайдыр бир башка тоскоолдуктарды жаратпоого;
4) Конституциялык палатанын төрагасынын уруксаты менен видео тартууга жана аудио жазууга.
103. Конституциялык палатанын отурумдарында каралып жаткан ишти даярдоого тике катышкан Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери катышат.
104. Сот отурумунда анын катышуучулары жана отурган адамдары тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды бузуу сотту сыйлабастык катары каралат жана тартип бузуучуларды соттук отурумдун залынан чыгарууга же мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчиликке тартууга алып келет.
105. Тараптар жана алардын өкүлдөрү Конституциялык палатанын отурумунда өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүн саясый билдирүүлөр жана декларациялар үчүн колдонууга укуксуз.
§ 2. Конституциялык палатанын сот отурумундагы тартипти камсыздоо
106. Конституциялык палатанын отурумунда тартипти сактоо соттук приставдар кызматтык түзүмдѳрү тарабынан жүргүзүлөт. Тартип сактоону камсыздаган адамдар төрагалык кылуучуга баш ийет. алардын Залда бекитилген тартипти сактоо боюнча талаптары катышкан адамдардын баарына тийиштүү.
Соттук приставдар кызматтык түзүмдѳрү менен ѳз ара иштешүү Конституциялык палатанын аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан камсыздалат.
107. Эгерде сот отурумунда укук бузуулар болсо, коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Конституциялык палатанын протоколдук аныктамасы боюнча колдонулат.
§ 3. Конституциялык палатанын отурумдарында кайрылууларды кароо
108. Конституциялык палата өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карайт жана өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып беш айдын ичинде ал боюнча акт чыгарат. Бул мөөнөт Конституциялык палатанын төрагасынын чечими боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.
109. Катышуучуларга отурумдардын өтө турган убактысы жана орду тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү Конституциялык палатанын аппаратынын жетекчисинин колу коюлуп жѳнѳтүлѳт. Сот отурумдары жөнүндө маалымат Конституциялык палатанын имаратында, ошондой эле Конституциялык палатанын расмий сайтында отурумдун башталышына чейин он күн калганда Конституциялык палатанын аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү менен жайгаштырылат.
110. Конституциялык палатанын отуруму төмөнкүдөй учурларда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:
1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка себептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот отурумунун кворумунун бузулушунан улам;
2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таасир тийгизиши мүмкүн деп таанылган тараптардын же тараптардын биринин, күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;
3) эгерде Конституциялык палата каралып жаткан ишти жетиштүү даярдалган эмес жана ошол эле отурумда ѳткѳрүү мүмкүн болбогон кошумча изилдѳѳнү талап кылат деп тапса;
4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбаганынан улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;
5) сот отурумунун жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде андай жагдайларды сот отурумунун жүрүшүндө жоюу мүмкүн болбосо.
111. Конституциялык палатанын отурумун кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим сот отурумуна катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протоколдук аныктама менен таризделет. Сот отурумун кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууда, Конституциялык палата отурум которулган датаны дайындайт.
112. Ишти конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон учурларда, Конституциялык палата ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болгон, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө аныктама менен токтото турууга укуктуу. Мында аны кароонун мөөнөтү да токтотулат.
Иш боюнча өндүрүш Конституциялык палата тарабынан ѳзүнчѳ аныктаманын негизинде, аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлганда кайра жаңыртылат. Конституциялык палата тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруу башка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт.
113. Конституциялык мыйзамдын 41-беренесинде каралган негиздер болсо, жыйынтыктоочу актыны чыгарганга чейин конституциялык өндүрүш анын кайсы гана стадиясы болбосун, токтотулууга тийиш. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө маселени чечүү Конституциялык палата тарабынан сот отурумуна катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Конституциялык палатанын иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктамасы тараптарды Конституциялык палатага ошол эле талап жана ошол эле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
114. Конституциялык палатанын отуруму сот отурумунун катчысы менен протоколдоштурулат. Сот отурумунун протоколу конституциялык мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтууга тийиш.
115. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн, стенографияны жана техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, отурумдун протоколунда алардын колдонулушу жөнүндө көрсөтүлөт. Иштин материалдарына протокол жана сот тарабынан колдонулган техникалык каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.
Протокол отурум аяктагандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен таризделүүгө тийиш. Протоколго Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судья-катчысы тарабынан кол коюлат.
116. Отурумдун протоколу жана стенограммасы, ошондой эле Конституциялык палатанын иштеринин материалдары менен Конституциялык палатанын судьялары таанышууга укуктуу. Процесстин катышуучулары жана башка жактар Конституциялык палатанын отурумунун протоколу жана стенограммасы менен Конституциялык палатанын төрагасынын уруксаты менен таанышууга укуктуу. Протоколдордон көчүрмө алуу жана алардын ичинен жазып алууларды жүргүзүү, Конституциялык палатанын төрагасынын уруксаты менен Конституциялык палатанын аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Көчүрмө алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
117. Конституциялык палатада иштерди кароо отурумдарда Конституциялык палатанын төрагасынын төрагалыгында жүргүзүлөт. Конституциялык палатанын төрагасы болбогон учурда, же анын тапшырмасы боюнча Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттерин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары аткарат. Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары болбогон учурда Конституциялык палатанын төрагасынын милдеттери судья-катчыга жүктөлөт.
118. Отурумду өткөрүүнүн белгиленген убактысында отурумдар залына Конституциялык палатанын судьялары кирет жана өзүлөрүнүн орундарын ээлешет. Төрагалык кылуучу Конституциялык палатанын отурумун жүргүзүүгө кворумдун бар экенин, протокол жүргүзүү камсыздалганын ырастайт жана отурумду ачык деп жарыялайт.
119. Ишти маңызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу:
1) Конституциялык палатанын отурумун ачат жана карала турган ишти жарыялайт;
2) Конституциялык палатанын курамын жарыялайт;
3) сот отурумунун катчысына отурумга чакырылган катышуучулардын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун бар экендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүн сөз берет. Тарап ишти анын катышуусу менен кароону өтүнгөн жана өзүнүн келбегендиги тууралуу жүйөлүү себепти келтиргенден тышкары учурларда, тараптын же анын өкүлүнүн Конституциялык палатанын отурумуна келбегендиги ишти кароого кедерги болбойт;
4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;
5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырылган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт;
6) отурумдун катышуучуларынан аларга кошумча күбөлөрдү, эксперттерди чакыртуу жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу тууралуу, отурумдун жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жок экендигин сурайт, аларды соттун чечүүсүнө коет;
7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат;
8) ишти маңызы боюнча кароо башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
120. Жазуу түрүндө түшкөн өтүнүчтөр угузулат жана иштин материалдарына тиркелет. Оозеки өтүнүчтөр сот отурумунун протоколуна жазылат. Түшкөн өтүнүчтөр Конституциялык палата тарабынан, эреже катары, кеңешме бөлмөдө, ишти карап жаткан судьялар курамынын көпчүлүк добушу менен чечилет.
121. Ар бир ишти маңызы боюнча кароо төрагалык кылуучунун судья-баяндамачыга сөз берүүсүнөн башталат.
Судья-баяндамачы иштин маңызын, аны кароонун себебин жана негизин, бар болгон материалдардын мазмунун баяндайт жана Конституциялык палатанын судьяларында пайда болгон суроолорго жооп берет.
122. Судья-баяндамачынын сѳзүн угуп бүткѳндѳн кийин төрагалык кылуучу Конституциялык палатага сунуштама, өтүнүч менен кайрылган тарапка (өкүлгө) каралып жаткан иштин маңызы боюнча түшүндүрмө берүүнү сунуштайт, андан кийин башка тараптын түшүнүктөрүн угат.
Тарап каралып жаткан иштин маңызы боюнча өзүнүн көз карашын негиздөө катары укуктук аргументтерди жана далилдерди баяндап берүүгө милдеттүү.
Тѳрагалык кылуучу тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларына суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берет, андан кийин Конституциялык палатанын судьялары суроо берет. Соттук отурумдун жүрүшүндө коюлган маселелердин каралуу мүмкүнчүлүгү Конституциялык палатанын тѳрагалык кылуучусу тарабынан чечилет.
123. Эгерде Конституциялык палатанын отурумунда тарап бир нече адамдар менен көрсөтүлсө, чыгып сүйлөөгө каралган маселелер алардын ортосунда чектелген учурда, төрагалык кылуучу бардык өкүлдөргө сөз бериши мүмкүн. Бул эреже жыйынтыктоочу кепке укукту берүү тартибине да тийиштүү болот.
124. Эгерде чыгып сүйлөп жаткан адам каралып жаткан маселенин чегинен чыкса же чыгып сүйлөгөн сөзүнүн, репликасынын таризи жана мааниси боюнча мазактоочу жана орой болсо, сот отурумунда кабыл алынган тартип эрежелерин бузса же сотту сыйлабаса, төрагалык кылуучу тараптын же анын өкүлүнүн, сот отурумунун башка катышуучуларынын чыгып сүйлөп жаткан сөзүн токтотууга укуктуу.
125. Күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда төрагалык кылуучу алардын ким экендигин аныктайт жана көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бергендиги үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө аларды жазуу жүзүндө эскертет, котормочуга атайылап жалган которгондугу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилет.
Күбөлөрдү, эксперттерди угуунун ырааттуулугу, ошондой эле күбөлөргө жана эксперттерге биринчи болуп суроолорду берүү укугуна ээ болгон тарапты аныктоо Конституциялык палатанын отурумунда төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
Судьялар төрагалык кылуучунун уруксаты менен суракка алуунун каалаган учурунда күбөгө, экспертке суроо бере алат.
Төрагалык кылуучу каралып жаткан иштин негизине тиешеси жок ар кандай суроолорду четке кагууга укуктуу.
126. Сот отурумунда сотко берилген документтер жарыяланышы же карап чыгууга берилиши мүмкүн. Келип түшкөн документтердин аныктыгы судья-баяндамачы тарабынан текшерилиши керек. Аныктыгы шектүү болгон документтер жарыялоого же карап чыгууга жатпайт. Изилденген документтер түпнускада же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдө Конституциялык палатанын чечими боюнча иштин материалдарына тиркелет.
127. Иштин материалдарын изилдеп бүткөндөн кийин Конституциялык палата тараптардын корутунду сөздөрүн угат. Конституциялык палатанын төрагасы судьялар менен макулдашуу боюнча тараптарга корутунду сөз менен чыгып сүйлөөнүн алдында убакыт бере алат.
Корутунду сөздү уккандан кийин төрагалык кылуучу иш боюнча териштирүү аяктагандыгын жана судьялардын кеңешме бөлмөгө чыгуусун жарыялайт.
128. Конституциялык палата тараптардын корутунду сөзүнөн кийин иштин чечилиши үчүн кошумча маанилүү шарттарды билүүнү же жаңы далилдерди изилдөөнү зарыл деп чечсе, ишти кароону кайра жаңыртуу жөнүндө аныктама чыгарат.
Кошумча изилдөө аяктагандан кийин тараптар жаңы шарттарга жана далилдерге гана байланыштуу кайтадан корутунду сөз менен чыгып сүйлөөгө укуктуу.
§ 4. Конституциялык палатанын жабык отуруму
129. Конституциялык палата мамлекеттик сырды коргоо, жарандардын, алардын жеке турмушундагы сырдын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук адептүүлүктү коргоо үчүн зарыл болгон учурларда, жабык отурумду дайындайт.
130. Ишти же анын бир бѳлүгүн жабык отурумда кароо жүйөлүү аныктаманын негизинде ишке ашырылат, ал отурум башталаар алдында жалпыга жарыяланат.
131. Жабык отурумга Конституциялык палатанын судьялары, тараптар жана алардын өкүлдөрү катышат.
132. Жабык сот отурумунда конституциялык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын катышуу мүмкүндүгү Конституциялык палата тарабынан ар бир конкреттүү учурда аныкталат. Конституциялык палатанын бул маселе боюнча чечими сот отурумунун протоколуна киргизилет.
133. Отурумду алып баруунун тиешелүү тартибин түздөн-түз камсыз кылуучу Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлеринин катышуусу судьялар менен макулдашуу боюнча төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.
134. Жабык отурумда ишти кароо конституциялык сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен өткөрүлөт.
135. Жашырындуулуктун тийиштүү грифи бар документтерди кароого байланыштуу жабык отурумдарды өткөрүү жашыруун документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
136. Жабык отурумдардын жазуулары Конституциялык палатада жашырындуулуктун режимин сактоо менен сакталат.
12-глава Конституциялык палата тарабынан актыларды кабыл алуу
137. Конституциялык палата актыларды чечимдер, корутундулар, токтомдор жана аныктамалар түрүндө кабыл алат.
Конституциялык палатанын актылары Конституцияга негизделет жана судьялардын калыстыгынан тайбаган укуктук кѳз караштарын чагылдырат.
138. Конституциялык палата, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келген учурда конституциялуу эмес деп таанууну караштырган ыйгарым укуктары боюнча кайрылууларды кароонун жыйынтыгында чечим, ал эми Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, күчүнө кире элек эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу кайрылууларды кароодо корутунду кабыл алат.
139. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат жана Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана отурумга катышкан Конституциялык палатанын судьялары тарабынан кол коюлат.
Конституциялык палатанын башка актылары токтом, өзүнчө же протоколдук аныктама түрүндө кабыл алынат.
140. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу (мындан ары ушул Регламенттин 141-147-пункттарында - жайынтыктоочу акты) Конституциялык палата тарабынан конституциялык Мыйзамдын 47-беренесинде жана ушул Регламенттин 141-147-пункттарында бекитилген эрежелер боюнча кабыл алынат.
141. Ишти кароого катышкан Конституциялык палатанын судьялары жыйынтыктоочу актыны чыгарып жатканда судья-баяндамачы тарабынан даярдалган актынын долбоорун негиз кылып алууга же болбосо иштин кароосуна катышкан башка судьялар тарабынан көрсөтүлгөн жыйынтыктоочу актынын долбоорун негиз кылып алууга укуктуу.
142. Иштин кароосуна катышкан судьялар жыйынтыктоочу актынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жазуу же ооз эки түрүндѳ сунуштоого, же болбосо ал добушка коюлганга чейин өзүнүн жыйынтыктоочу актысынын долбоорун көрсөтүүгө укуктуу.
143. Иштин кароосуна катышкан судьялардын көпчүлүгү тарабынан жактырылган жыйынтыктоочу актынын долбоору анын мындан аркы иштелип бүтүрүлүшүнө негиз болот. Эгерде судья-баяндамачы чечимдин резолютивдик бөлүгү боюнча добуш берүүдө азчылыкта болуп калса, долбоорду иштеп бүтүрүүдөн баш тартууга укуктуу. Бул учурда Конституциялык палатанын төрагасы иштеп бүтүрүүнү башка судьяга тапшырат.
144. Жыйынтыктоочу актынын долбоору боюнча же ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча талкуулоо жана добуш берүү толугу менен да, бөлүктөрү боюнча да болушу мүмкүн.
145. Жыйынтыктоочу акт, бардык судьялар аны менен макул болсо да, добуш берүүсүз кабыл алынбайт.
146. Конституциялык палатанын отурумунда төрагалык кылуучу жыйынтыктоочу актынын долбооруна өзгөртүүлөр же жыйынтыктоочу актынын бөлүгү боюнча добуш берүүнүн башталышы жөнүндө жарыялагандан кийин, ушул добуш берүүнүн жүрүшү менен байланыштуу отурумду өткөрүүнүн тартиби боюнча кайсы бир судьянын чыгып сүйлөгөн учурларынан тышкары, добуш берүүнү бөлүүгө жол берилбейт.
147. Добуш берүүгө катышкан судьялардын көпчүлүгү жыйынтыктоочу актынын долбоорун өзгөртүүгө добуш берсе ал кабыл алынды деп эсептелет. Эгерде добуштар тең бөлүнгөн болсо, өзгөртүү кабыл алынбайт. Өзгөртүүлөрдү кабыл алгандан кийин кабыл алынган өзгөртүүлөр менен жыйынтыктоочу актынын долбоорунун бөлүмдөрү добушка коюлат.
Жыйынтыктоочу актынын долбоорунун бөлүктөрү боюнча добуш берүүдөн кийин киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан долбоор боюнча добуш берүү өткөрүлөт.
148. Конституциялык палатанын актылары кеңешме бөлмөдө ар бир судьянын атын атап, сурап ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Кеңешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз көз караштарын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз көз караштарын тактоону өтүнө алат. Сүйлөөнүн саны жана узактыгы чектелиши мүмкүн эмес.
Конституциялык палатанын кеңешмесине Конституциялык палатанын ушул ишти карап жаткан судьялары гана катышат. Башка жактардын катышуусуна жол берилбейт.
Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу бардык учурларда акыркы болуп добуш берет.
149. Кеңешменин протоколунда добушка коюлган маселелер жана добуштун натыйжалары милдеттүү түрдө жазылат. Протокол судья-катчы тарабынан жүргүзүлөт, бардык катышкан судьялар тарабынан кол коюлат жана жарыя кылынууга жатпайт.
150. Кеңешмеге катышкан судьялар талашуунун мазмунун жана добуштун натыйжаларын жарыя кылууга укугу жок.
151. Конституциялык палата кайрылууда билдирилген талаптарды толугу менен же жарым-жартылай канааттандырганда же канааттандырбай калтырганда иш маңызы боюнча чечилди деп эсептелинет.
152. Конституциялык палатанын актысы, эгерде отурумга катышкан судьялардын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда, төрагалык кылуучу добуштардын көпчүлүгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.
Чечимди же корутундуну кабыл алууда добуштар тең бөлүнүп калган учурда, чечим же корутунду конституциялуулугу талашылып жаткан актынын пайдасына кабыл алынат. Башка актыларды кабыл алууда добуштар тең чыкса, төрагалык кылуучу добуш берген акты кабыл алынды деп эсептелинет.
153. Конституциялык палатанын актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш.
154. Конституциялык палатанын чечими жана корутундусу аларга кол коюлгандан кийин токтоосуз Конституциялык палатанын ачык отурумунда толук көлөмүндө жарыя кылынат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча чечимдин же корутундунун жүйөөлөнгөн бөлүгүн түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, бирок алардын резолюциялык бөлүгү ошол эле отурумда жарыя кылынат.
155. Конституциялык палатанын актысынын мазмуну конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинде бекитилген, актынын кириш, жүйѳлѳѳчү жана резолютивдик бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн талаптарына жооп бериши керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн берененин 2-5-пункттарында каралган жоболор кириш бөлүмүндө берилет. Жүйѳлѳѳчү бөлүмү көрсөтүлгөн берененин 6-11-пункттарында көрсөтүлгөн жоболорду камтыйт. Резолютивдик бөлүмүндө конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 12-14-пункттарына ылайык жоболор көрсөтүлөт.
156. Конституциялык палатанын актысы менен толугу же болбосо жүйѳлѳѳчү же резолютивдик бѳлүгү менен макул болбогон Конституциялык палатанын судьялары өзүлѳрүнүн өзгөчө пикирлерин жазуу жүзүндө чоогу же ѳз ѳзүнчѳ баяндоого укуктуу.
Судьянын өзгөчө пикири судья тарабынан чечим кабыл алынган күндѳн тартып он жумуш күндүн ичинде келтирет, ал иштин материалдарына тиркелет жана актынын өзү жарыяланууга жаткан басылмаларда Конституциялык палатанын актысы менен бирге жарыяланат.
157. Конституциялык палата актыны жарыялагандан кийин, андагы аталыштардагы, белгилемелердеги так эместиктерди, каталарды жана айкын редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдошу мүмкүн, ал жөнүндө аныктама чыгарат.
Конституциялык палатанын отурумунда гана актыда кетирилген так эместиктерди, каталарды жана айкын редакциялык жана техникалык кемчиликтерди оңдоого уруксат берилет. Конституциялык палатанын судьяларынын отуруму ага Конституциялык палатанын судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда укук ченемдүү болуп эсептелет. Мындай отурум тараптар жана алардын өкүлдөрүнүн катышуусуз ѳтѳт.
158. Конституциялык палатанын актылары акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары жарыяланган учурдан тартып, ал эми башка актылары кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн конституциялык эмес деп табуу жөнүндө чечимдин юридикалык күчү ошол эле мазмундагы ченемдик укуктук актыны же анын бөлүгүн кайра кабыл алуу менен жоюлуп кетиши мүмкүн эмес.
159. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси тарабынан тараптарга, ченемдик укуктук актылар кароонун предмети болгон мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына Конституциялык палатанын расмий сайтында жарыяланган күндѳн тартып беш күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары малекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыяланат.
160. Өзүнүн чечимдеринин аткарылуусун мониторинг кылуу максатында Конституциялык палата актылары кароо предмети болгон ченем жаратуучу органдарга алардын аткарылуусунун абалы тууралуу суроо-талап жөнөтүп турат. Суроо-талапка келип түшкөн маалыматтын жыйынтыгы боюнча тийиштүү бөлүм Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусунун анализин жасайт. Конституциялык палатанын Аппараты Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусунун анализин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарычысында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана башка басыламаларда жарыялайт.
Конституциялык палатанын төрагасы, судья-катчысы жана Аппарат жетекчиси Конституциялык палатанын актыларынын ченем жаратуучу органдар тарабынан аткарылуусунун жүрүшүн жана жыйынтыктарын системалык түрдө карап турушат.
Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуусу боюнча ченем жаратуучу органдар менен иштешүүнү Конституциялык палатанын аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
161. Сот отурумунда мыйзамдуулук бузулган учурлар табылса, Конституциялык палата жекече аныктама чыгарууга жана аны тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жекече аныктаманын көчүрмөсүн алган мөөнөттөн тартып бир айдын ичинде кабыл алынган чаралар жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Конституциялык палатанын Төрагасы Конституциялык палата чыгарган жекече аныктама кабыл алынган чаралардын жыйынтыктарын контролдойт жана бул тууралуу Конституциялык палатага маалымдап турат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар жана (же) алардын кызмат адамдары менен Конституциялык палатанын жекече аныктамасы боюнча иштешүүнү Конституциялык палатанын аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
13-глава Кайрылууларды кабыл алууда жана кароодо мөөнөттѳрдү эсептөөнүн тартиби
162. Конституциялык сот өндүрүшүн ишке ашыруу процессинде процесстик иштер жүргүзүлө турган мөөнөттөр конституциялык Мыйзам, ушул Регламент же Конституциялык палата тарабынан аныкталат.
163. Мөөнөттөр ай жана күн менен эсептелет. Мөөнөттүн жүрүшү анын башталышы аныкталган календардык датадан кийинки күндөн башталат.
Күндөр менен эсептелген мөөнөт акыркы сутканын 24 саатында аяктайт. Айлар менен эсептелген мөөнөт бекитилген мөөнөттүн акыркы айынын тийиштүү күнүндө бүтөт. Мөөнөттүн акыркы күнү эс алуу күнүнө туш келсе, мөөнөттүн акыркы күнү болуп андан кийинки биринчи жумуш күн эсептелет.
III бөлүм Жыйынтыктоочу жоболор
14-глава Конституциялык палатанын ишмерлиги жөнүндө коомчулукту маалымдоо
164. Конституциялык палата ар бир календарлык жылдын аягында жылдык жыйынды өткөрөт, анда өткөн жылдын жумушу боюнча жыйынтыктарды чыгарат, жасалган жумуш тууралуу маалыматты анализ кылат, Конституциялык палатанын Аппаратынын отчетун угат.
Конституциялык палата жылдык жыйындын жыйынтыгы боюнча Төрага тарабынан бекитиле турган жылдык баяндама жарыялайт, ал Конституциялык палатанын ишмерлиги тууралуу коомчулукту маалымдоо максатында мамлекеттик органдарга, чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарына жана башка органдар менен уюмдарга жөнөтүлөт.
165. Конституциялык палата коомчулукту өзүнүн ишмерлиги тууралуу маалымдоо максатында ар кандай иш-чараларды (сынактарды, мейман лекцияларды, конституционализмдин мектептерин, ачык эщиктер күндөрүн) өткөрө алат.
15-глава. Конституциялык палатанын мамлекеттик бийлик органдары, жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен иштешүүсү
166. Конституциялык палатанын конституциялык соттор жана ага шайкеш институттар менен иштешүүсү эл аралык кызматташуунун алкагында жүзөгө ашырылат.
167. Конституциялык палатанын эл аралык уюмдар менен иштешүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
168. Конституциялык палатанын жарандык коом менен иштешүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
169. Конституциялык палатанын ишмерлигинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында Конституциялык палатанын Төрагасы тарабынан Конституциялык палатанын судьяларынын сунушу боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен координциялык жана коллегиалдык-кеңешме органдар түзүлүшү мүмкүн.
Координациялык жана коллегиалдык кеңешме органдарынын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, илимий жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрү кирет.
170. Конституциялык палатанын ишмерлиги тууралуу маалыматты алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
Регламентти кабыл алуунун процедуралары
171. Регламенттин долбоору Конституциялык палатанын бекитилишине Конституциялык палатанын төрагасы тарабынан көрсөтүлөт.
172. Регламент ачык добуш берүү жолу аркылуу добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Конституциялык палатанын Регламенттин кабыл алуу жөнүндө чечими токтом таризинде кабыл алынат.
173. Регламентти кабыл алууда Конституциялык палатанын судьяларынын курамынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда Конституциялык палатанын отуруму ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
174. Ушул эле тартипте Конституциялык палатанын судьяларынын демилгеси боюнча Конституциялык палатанын Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциялык палата тарабынан кабыл алынат.
175. Регламент жана ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" расмий жарыяланууга тийиш жана Конституциялык палатанын расмий сайтында жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы