ПостановлениеДействует

Постановление Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республикиот 11 июля 2017 года «О внесении изменения в постановление Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики «Об утверждении положения об Аппарате Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики, структуры и штатной численности Аппарата Конституционной палаты Верховного судаот 22 марта 2017 года № 02-П»

Редакцияот 11.01.2017
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ТОКТОМУ

2017-жылдын 11-июлу

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» 2017-жылдын 22-мартындагы № 02 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын «Мамлекеттик органды жайгаштыруу жөнүндө» 2017 – жылдын 29-июнундагы № 140 буйругу менен Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 39 «А» дареги боюнча жайгашкан имараты Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

Т О К Т О М К Ы Л Д Ы:

     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» 2017-жылдын 22-мартындагы № 02 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

     1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

« - Конституциялык палатанын Аппаратынын штаттык бирдиги 31 мамлекеттик кызматкер, техникалык тейлөөчү персонал 1 адам, кенже тейлөөчү персонал 12 адам болуп.».

2. Ушул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы