ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 8 октября 2014 года № 585 «О внесении изменений и дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении Правил внутреннего распорядка изоляторов временного содержания органов внутренних дел Кыргызской Республики«от 2 февраля 2006 года № 57»

Редакцияот 08.10.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2014-жылдын 8-октябры № 585

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:

1. 12.2-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган төмөнкүдөй кылмыштар үчүн шектүүлөр жана айыпталуучулар: өлтүрүү, адамдын ден соолугуна атайылап оор зыян келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү күч колдонгон аракеттер, каракчылык, террорчулук, барымтага алуу, мыйзамсыз түрдө куралдуу түзүлүштөрдү уюштуруу же ага катышуу, кескичилик;";

- 4.13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Цензураны аткаруу максатында катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болсо, катты берүүнүн мөөнөтү которуу үчүн керек болгон убакытка, бирок экиден ашпаган күнгө узартылат";

- 4.17-пункттун биринчи абзацындагы "мүмкүн болушунча" деген сөздөр алып салынсын;

- 5.6-пункттагы "туугандарына жана прокурорго дароо" деген сөздөр "жакын туугандарына, прокурорго жана тергөөчүгө дароо ( "бир сааттан кечиктирбей")" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Дж.К. Оторбаев