ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 11 ноября 2014 года № 636 «О проекте Закона Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения об экономическом, торговом и техническом сотрудничестве между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Государства Катар, подписанного 3 июня 2014 года в городе Доха»

Редакцияот 11.11.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 11-ноябры № 636

"2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмѳтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн расмий екүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзамы

2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндо макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене

2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкметүнүн ортосундагы Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине кабарласын.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти