ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 12 декабря 2014 года № 702 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О присоединении к Конвенции о физической защите ядерного материала"

Редакцияот 12.12.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 12-декабры № 702

"Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекегтик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкметү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүнде конвенцияга кошулуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекегтик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инсиекциянын директору ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫИЫН МЫЙЗАМЫ

Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу

 

1-берене

1979-жылдын 26-октябрында кабыл алынган Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулсун.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Конвенцияга кошулуу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) билдирсин.

 

3-берене

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ядролук материалдарды физикалык коргоо учүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

 

4-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти