ПостановлениеУтратил силу

Постановление Правительства КР от 26 декабря 2014 года № 740 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-декабры № 740

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене

“Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2-берене

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 13-статьянын 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3- берене

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, 13-статьянын 21-бөлүгүнө жана “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык белгиленген жана эсептелген пенсияларга үстөк акылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аталган үстөк акыларды алуучу адамдар үчүн сакталат жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ошондой эле көлөмдөрдө төлөнөт.

 

4-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты  айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

              Президенти