ПостановлениеДействует

Постановление Правительства КР от 21 апреля 2015 года № 229 «О проекте Закона Кыргызской Республики»О ратификации Кредитного соглашения о финансировании проекта «Улучшение системы управления твердыми отходами в городе Бишкек» между Кыргызской Республикой и Европейским банком реконструкции и развития, подписанного 10 мая 2013 года в городе Бишкек; Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и мэрией города Бишкек и муниципальным предприятием «Тазалык» и Европейским банком реконструкции и развития о предоставлении Инвестиционного гранта Специального Фонда Учредителей ЕБРР по проекту «Улучшение системы управления твердыми отходами в городе Бишкек», подписанного 24 мая 2013 года в городе Бишкек; Грантового соглашения между Кыргызской Республикой и мэрией города Бишкек и муниципальным предприятием «Тазалык», муниципальным предприятием «Бишкекский санитарный полигон» и Европейским банком реконструкции и развития относительно Инвестиционного гранта Инвестиционного фонда Европейского Союза по Центральной Азии («EUIFCA») для проекта «Улучшение системы управления твердыми бытовыми отходами в городе Бишкек», подписанного 27 января 2015 года в городе Бишкек"

Редакцияот 21.04.2015
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-апрели № 229

2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол

коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды

 башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тиркелгендер жактырылсын:

- 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууга; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууга; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене

2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашуу; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан Инвестициялык грант берүү тууралуу Гранттык макулдашуу; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Бишкек санитардык полигону муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа союзунун Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (“EUIFCA”) Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Макулдашуулардын күчүнө кириши зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти